Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 14:23
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Карапайым эл кымбатчылыктан кыйналууда”

22.11.2023 11:05
680
Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Карапайым эл кымбатчылыктан кыйналууда”


Марлен Абдырахманович, бюджет эки эсе көтөрүлгөнү чын болсо, эмнеге кымбатчылык күч алып кетти? 


- Бюджет эки эсе көтөрүлгөнү бул факт. 2020-жылы 180 миллиард сом болсо, азыр 400 миллиард сомго жетип калды. 


- Кайсы жолдор менен бюджет 400 миллиардга жетти?


- Бюджеттин 400 миллиардга жетишине фискалдаштыруунун да салымы болду. Айтайын дегеним, фискалдаштыруу болгон жерде коррупция менен күрөшүү да орун алды. Бирок, ошол эле учурда инфляция күчөп, баалар да бир топ көтөрүлдү. Мисалы, бензин мурун 50 сом болсо, азыр 60-80 сомазык-түлүктүн да баалары өстү. Инфляциянын айынан чачтарачтан баштап көпчүлүк кызматтын баасы жогорулады. Ушундай себептерден улам карапайым эл кымбатчылыктан кыйналууда. 


Президенттин ысырапкорчулукту тыюуга багытталган жарлыгына көзөмөл жетишсиз болуп калдыбы?


- Президенттин жарлыгы башында жакшы кабыл алынып жаткан, бирок ысырапкорчулукка жол бергендерге чара көрүлбөгөнүнө байланыштуу кайра эле мурунку калыбына түштү. Жарлыктын аткарылышынын негизинде министрлер кабинети дароо эле артынан мыйзам киргизип, айып пул жагына өзгөртүшсө болмок. Ошондо эл көнө түшмөк. Дагы деле кеч эмес, элди ысырап кылбаганга көндүрүшүбүз керек. Эмне кереги бар адам өлүп жатса, намыс деп кредит алып, мал союп, чай бергендин? Же намыс деп кредит алып, балдарды ысырапкорчулук менен үйлөнткөндүн? Той болуш керек, бирок ашыкча чачылуу болбошу шарт. Ал эми жамандыкта такыр эле мал сойгонду жоюш керек. Бул жагы мусулманчылыкка да жатпайт. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн