Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 14:26
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Коррупцияга байланыштуу Япониядан келген оң рулдуу машиналар сатылып жатканы чындык”

06.11.2023 15:36
892
Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Коррупцияга байланыштуу Япониядан келген оң рулдуу машиналар сатылып жатканы чындык”


- Марлен Абдырахманович, кечээ эле интернет булактардан окудум, оң рулдуу машиналарды алып келүүгө тыюу салынганына карабастан, сегиз айда Япониядан 8,2 миң автоунаа алынып келиниптир. Кандай жол менен?


- Биз оң рулдуу унааларга тыюу салганыбыз менен деле ар кандай коррупциялык схемалар менен: тетик деп атап, же “сол рулдуу” деп оформить этип, баары бир киргизип атышат. Андан сырткары, Армения, Россия сыяктуу мамлекеттерде да оң рулдуу унааларга тыюу салынган эмес. Биз алар менен ЕАЭБдин алкагында болгондуктан, ошол жактан да келүүдө. Ошондуктан, биз атайын мыйзам киргизип, “Япониядан келчү машиналар бир жагынан карапайым адамдар үчүн арзан болсо, экинчи жагынан сапаты жакшы, экологиялык жаткан таза, ошон үчүн аларга уруксат берип коёлу” десек, тилекке каршы, ал мыйзам өтпөй калган. Айтор, оң рулдуу унаалар бизге кирип эле атат, кире берет, “киргизбе” деп эч ким тыюу сала албайт. 


- Коррупциялык схемаларды козгоп кетпедиңизби, алар канчалык деңгээлде?


- Мен жана жогоруда айтпадымбы, биринчиден, тетик катары көрсөтүп киргизишет. Анүчүн сөзсүз бажы менен макулдашыш керек. Экинчиси, “сол рулдуу” деп каттатып, анан кайра оң рулга которуп атат. Бажыда тааныш-билиш болбосо, муну да кылуу мүмкүн эмес. Коррупцияга байланыштуу базарларда Япониядан келген жапжаңы оң рулдуу машиналар сатылып жатканы чындык. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн