Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Машыктыруучусуна 2,2 млн. Акжол Махмудовго жеңиши үчүн канча каражат берилет?

04.08.2021 10:54
1013
Машыктыруучусуна 2,2 млн. Акжол Махмудовго жеңиши үчүн канча каражат берилет?

Балбан Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарынын күмүш медалына ээ болду.


Ал кечээ, 3-августта алтын медаль үчүн беттеште дүйнөнүн жана Европанын учурдагы чемпиону венгриялык Тамаш Лоринцке жеңилип калды.


Махмудов 77 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашкан.


Олимпиада оюндарына чейин Кыргызстандын өкмөтү медаль жеңген спортчуларга акчалай сыйлык берүү жөнүндө токтом чыгарган. Ага ылайык, Махмудовго күмүш медалы үчүн мамлекет тарабынан 7,5 млн сом берилет.


Ошондой эле Олимпиада оюндарындагы кыргыз балбандарынын башкы жана улук машыктыруучусу, дарыгер жана укалоочу, Махмудовдун жеке жана биринчи машыктыруучусу да акчалай сыйлык менен сыйланат.


Жалпысынан мамлекет Махмудовдун күмүш медалы үчүн 15 млн 725 миң сом бөлөт. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, акчалай сыйлыктарга салык алынбайт.


Акчалай сыйлыктын ээлери:


- Махмудов — 7,5 млн сом;


- Башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев — 2 млн 225 миң сом;


- Улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков — 1 млн 875 миң сом;


- Жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов — 1 млн 875 миң сом;


- Биринчи машыктыруучусу Жеңиш Сатыбалдиев — 750 миң сом;


- Дарыгер Бактыгүл Алишева — 750 миң сом;


- Укалоочу Константин Еремич — 750 миң сом.


Булак: AKIprecc

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн