Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 17:14
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Матраимов Бакуда экендиги аныкталды. Анын кармалган УКТ мүчөлөрү менен байланышы бар

23.03.2024 17:19
535
Матраимов Бакуда экендиги аныкталды. Анын кармалган УКТ мүчөлөрү менен байланышы бар


Кыргызстанда издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов Азербайжандын борбору Баку шаарында экендиги аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Буга байланыштуу УКМКнын маалыматы боюнча аны кармоо тууралуу азербайжан тарапка кат жөнөтүлгөн. Учурда азербайжандык кесиптештер аны кармоо жана андан ары Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин иштеп чыгууда.

Ошол эле учурда ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Райымбек Матраимовдун Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданып жаткан Азербайжандан келген трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар экендиги такталды.

Белгилей кетсек, КР УКМК кызматкерлери Кыргызстандын аймагынан Азербайжандан келген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Алиев В.М., Багиров С.А., Асгаров М.О., Бехбудов М.С., Мамедов З.И. аттуу жарандарды кармаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн