Бугу 16, 2024
Убакыт: 00:19
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Майрам күндөрү кечкисин Бишкекке кирген унаалар текшерилет

01.05.2024 18:54
222
Майрам күндөрү кечкисин Бишкекке кирген унаалар текшерилет


Жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы майрам күндөрү кечкисин Бишкекке кирген унаалар текшерилерин эскертти.


Маалыматта өзгөчө шаар четиндеги эс алуу жайларынан келе жаткан автокөлүктөр көзөмөлгө алынары айтылат.


"Кечкисин шаарга кире бериш жайларда атайын күзөттөр орнотулуп, эс алуудан келе жаткан унаалардын баары текшерилет. Айрыкча мас болуп унаа башкарган айдоочуларга катуу чаралар көрүлөт", — деп билдирди жол милициясы.


Буга чейин өлкөдө 1-майдан 10-майга чейин ЖКККББ жана Кайгуул кызматы тарабынан жол кыймылынын эрежелеринин сакталышына көзөмөл күчөтүлөрү айтылган. Мындай чара майдагы майрамдарда элдин коопсуздугун камсыздоо үчүн кабыл алынган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн