Бугу 10, 2024
Убакыт: 09:33
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Медициналык бет каптар кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулду

17.03.2020 17:38
731
Медициналык бет каптар кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулду


Кыргызстандын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо медициналык беткаптар кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулду. 


Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.


Бул чечим калкты медициналык багыттагы буюмдар менен камсыз кылуу максатында кабыл алынды.


Алдыга коюлган милдеттерге жетишүү үчүн 2013-жылдын 24-январындагы № 31 «Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары-дармек каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө өкмөттүн токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. 


Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму буга чейин дүйнөдөгү коронавирустун пандемиясын жарыялаган.


Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун калк үчүн жаңы коронавирус инфекциясынын (2019-nCoV) жайылышына байланыштуу негизги сунуштарынын бири милдеттүү түрдө медициналык беткап тагынуу болуп саналат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн