Бугу 16, 2024
Убакыт: 10:47
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Мээрбек Мискенбаев менен Рустам Ибраимов кармалды

12.10.2020 08:54
640
Мээрбек Мискенбаев менен Рустам Ибраимов кармалды


Мээрбек Мискенбаев менен Рустам Ибраимов кармалып, ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Ала-Тоо аянтындагы окуялар боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренеси ("Массалык башаламандык") менен кылмыш иши козголуп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

"5-октябрдан 6-октябрга караган түнү тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, жаза аткаруу мекемелеринен камакта отурган бир нече адам бошотулган. Аталган кылмыш ишинин алкагында ИИМдин ыкчам кызматтары тарабынан Мээрбек Мискенбаев менен Рустам Ибраимов кармалды. Азыркы учурда алар ИИМдин Тергөө кызматында", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн