Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 20:13
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Мээрим Төлөпберген Мирбек Атабеков менен ажырашуусу тууралуу коомчулукка ачык айтты

28.08.2023 11:16
2358
Мээрим Төлөпберген Мирбек Атабеков менен ажырашуусу тууралуу коомчулукка ачык айтты


Мээрим Төлөпберген Мирбек Атабеков менен ажырашуусу тууралуу коомчулукка ачык айтты.


"Ар бир жомоктун аягы бар" деп социалдык түйүндөрдө архивдик үйлөнүү сүрөтүн жарыялады.


«Менин жомогум, ал бактылуу жана кайгылуу! Анын аягы бар, кээ бирөөлөр үчүн бул аягы романтикалык эместир, эң негизгиси – чын жана накта. Мен Мирбекти эң таланттуу артист, кыргыз элинин уулу катары чексиз сыйлайм жана сүйөм. Үч сонун балалуу болдук, өткөн жылдардагы жакшы эскерүүлөр көп. Бирок бул жашоодо жолдор эки башка болгон учурлар да болот.


Чын жүрөгүмдөн ага жакшылыктарды, татыктуусун табууну, көп бакыт жана ден соолук, жеңиштерди жана чыгармачылык бийиктиктерди каалайм. Жашоомдун белгилүү бир мезгилинде аны менен бирге болуу мүмкүнчүлүгү үчүн Жаратканга ыраазычылык билдирем. Биздин балдар биз менен болгон эң жакшы нерсе жана алар чындап бактылуу ата-энелерди көргөндө бактылуу болушат деп ишенем.


Мен түшүндүрүп, айтпайм. Мен бул жөнүндө бир жолу жазам, анан болду, эң көп берилген суроого жооп берип, балким, ошону менен өзүм үчүн бир сызык чийип алам. Бул тууралуу айтуу мен үчүн абдан кыйын, бирок сиздер бизди түшүнүү менен мамиле жасайсыздар жана биз тарапка эч кандай айыптоо жасабайсыздар деп ишенем.


Барыңарга бакыт, көп- көп сүйүү", - деп жазган ал.


Белгилей кетсек, Мээрим Төлөпберген менен КРнын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков 2013-жылдын декабрь айында баш кошуп, 2014-жылы күзүндө үлпөт тоюн өткөрүшкөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн