Бугу 16, 2024
Убакыт: 03:44
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Мен дарыгерлердин аскердик режимде иштеп жаткандыгын жакшы билем, - Кашкар Жунушалиев (фото)

20.07.2020 13:00
1009
Мен дарыгерлердин аскердик режимде иштеп жаткандыгын жакшы билем, - Кашкар Жунушалиев (фото)


Ички иштер министрлигинин Медицина башкармалыгы жана бардык дарыгерлери милиция кызматкерлеринин, алардын үй-бүлөсүнүн жана ардагерлердин саламаттыгын чыңдоо жана дарылоо багытында бардык аракеттерди көрүп жатат. Бул тууралуу ИИМ госпиталынын башчысы, ички кызматтын капитаны Индира Абдыгулова билдирди.


ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматында, министр Кашкар Жунушалиев аталган госпиталга, Бишкек ШИИББнын спорттук залында уюштурулган күндүзгү стационарга жана Ички коопсуздук аскер кызматынын (ички аскерлер) эс алуу жана ден соолукту чыңдоо борборунун базасында күнү-түнү иштеп жаткан стационарга барып, алардын абалын, ден соолугуна байланыштуу кайрылып жаткан милиция кызматкерлеринин жана ардагерлердин акыбалы менен таанышып кайткан. Министр керектүү медициналык-санитардык талаптарды аткаруу менен палаталарды карап чыкты.

 

Индира Абдыгулованын айтымында, ИИМдин госпиталында, поликлинкасында жана ИИМге тиешелүү медициналык жайларда жардам көрсөтүү толук кандуу жүрүүдө, бардык жардамдар көрсөтүлүп жатат. Дарыгерлер күнү–түнү иштеп жатат жана ошондой эле бүгүнкү күндө профилактикалык, карантиндик  иш-чаралар жүрүүдө. Бардык дарыгерлер өзүн өзү коргонуу каражаттары жана тиешелүү деңгээлде дары-дармектер менен камсыз болууда.


Бизге кайрылгандардын бардыгына жардам берүүдөбүз”, - деп билдирди Абдыгулова. Ал белгилегендей, ИИМдин бардык медициналык мекемелеринде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун, Министрликтин алгоритми боюнча иштер жүрүп жатат.


Мен дарыгерлердин аскердик режимде иштеп жаткандыгын жакшы билем. Сиздердин кесипкөй патриоттук мамилеңер жана эр жүрөктүүлүгүңөр менен өзүңөрдүн ден соолугуңардын коркунучуна карабай биздин кызматкерлерге көрүп жаткан камкордугуңарды баалаймын жана ыраазычылык билдирем. Учурдагы илдет менен күрөшүүдө сиздердин ордуңуздарды эч ким алмаштыра албайт, сиздердин эрдигиңер баа жеткис", - деди министр өз сөзүндө.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн