Бугу 14, 2024
Убакыт: 00:09
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Милиция кызматкерлерин жана жалпы кыргыз элин сөккөн кыз тууралуу Акыйкатчы пикирин айтты

Милиция кызматкерлерин жана жалпы кыргыз элин сөккөн кыз тууралуу Акыйкатчы пикирин айтты


15-апрелде Акыйкатчы Токон Мамытов  “Фейсбук” аркылуу түз байланышка чыгып, жарандардын суроолоруна жооп берди.


Анда ал милиция кызматкерлерин жана жалпы кыргыз элин сөккөн видеосу тараган кыз тууралуу суроого да жооп берип, эмоцияга алдырбоо керек деген пикирин айтты.


Ал учурда бул окуя тууралуу сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын белгилеп, чындыкты аныктоого тоскоолдук кылбоого чакырды:


"Келгиле, териштирүүнүн жыйынтыгын күтөлү, чындыкты табууга тоскоолдук калбайлы. Кыз эмне үчүн андай реакция кылганын билбейбиз. Албетте, андай кылган болбойт. Эмоцияны көзөмөлдөгөнгө аракет кылыш керек. Айрыкча азыркы оор абалда. Жазасын сот чечет", - деди Мамытов. 


Бишкекте милиция менен айтышып, сөгүнгөнү Интернетке тараган кыз №1 тергөө абагына 15 суткага камалганын 14-апрелде шаардык комендатура кабарлаган. Бул окуянын видеосу учурда коомчулукта кызуу талкуу жаратып жатат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн