Бугу 19, 2024
Убакыт: 01:42
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Министр С.Абдикаримов Оштогу жаңы оорукананын курулушу менен таанышты

26.09.2020 09:13
800
Министр С.Абдикаримов Оштогу жаңы оорукананын курулушу менен таанышты


Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Ош облусунун координатору Шаятбек Абдурахмановдун айтымында, курулуш графикке ылайык жүрүп жатат, подрядчик фундамент, пол устун, темир-конструкциялык стеллаждарды, устундарды орнотуу иштерин жүргүздү. Ички жылуулук тутумдары, суу менен камсыздоо жана канализация орнотулду. Чатырларды жабуу, бөлүктөрдү жана терезе блокторун орнотуу иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле, министр Ноокат аймактык ооруканасында болуп, анда эмгектенген кесиптештери менен калкка медициналык жардам көрсөтүүдөгү көйгөйлөрдү жана ийгиликтерди талкуулады, электрондук саламаттыкты сактоо канчалык ийгиликтүү киргизилип жаткандыгы менен таанышты.

«Белгилей кетүүчү нерсе, ооруканада санариптештирүү боюнча олуттуу иштер жүргүзүлүп, медициналык жабдыктар сатылып алынып, аймакты жакшыртуу иштери жүрүп жатат. Саламаттыкты сактоо уюмунун талаптагыдай абалда кармалышы түздөн-түз жетекчиликтен көз каранды, мен оорукананын кызматкерлеринин бирдиктүү болушун, ошондой эле бейтаптарды сапаттуу кабыл алууга жана дарылоого өзгөчө көңүл бурулушун каалайм», - деди министр. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн