Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 20:40
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Министрлик ЖРТга кыргыз тили тесттин киргизилген себебин түшүндүрдү

16.02.2024 10:01
176
Министрлик ЖРТга кыргыз тили тесттин киргизилген себебин түшүндүрдү


Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Асан кызы ЖРТнын алкагындагы кошумча тестирлөө негизги жана предметтик тесттердин баасынан эки эсе арзан, тагыраагы, 200 сом болорун билдирди.


Ал бул тесттин жыйынтыгы ЖРТга таасир этпей турганын, андан начар балл алгандар дагы жогорку окуу жайга тапшыра аларын айтты.


"Бул бүтүрүүчүнүн мамлекеттик тилди канчалык деңгээлде билерин аныктоо үчүн керек. Анын жыйынтыгы менен университет студентти баштапкы, базалык же улантып алып кете турган топторго бөлөт. Мындан сырткары, тестирлөө менен биз кайсы мектепте кыргыз тили кандай өтүлөрүн аныктайбыз. Министрлик тил үйрөтүү ыкмасын кайра карап чыгууну пландаштырып жатат. Анын жыйынтыгы кандай көйгөйлөр менен иштөө керектигин түшүнүүгө жардам берет", — деген адис.


Буга чейин Кыргызстанда бардык абитуриенттер жогорку окуу жайга тапшырганда кыргыз тилинен тест берүүгө милдеттендирилгени жазылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн