Бугу 03, 2025
Убакыт: 17:45
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Министрлик коронавирус жуктургандардын жаш өзгөчөлүктөрүн атады

10.04.2020 10:48
1141
Министрлик коронавирус жуктургандардын жаш өзгөчөлүктөрүн атады


Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев бүгүн, 10-апрелде өкмөттө түз эфирдеги брифингде маалымат берип жатып, республикада COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган адамдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө токтолду.


Анын айтымында, 298 адамдын ичинен 34 - 15 жашка чейинки балдар, 1 жашка чейинки - 2 бала, 16-жаштан 19 жашка чейинки  - 11 бала, 20дан 35 жашка чейин - 75 киши, 36 жаштан 55 жашка чейин - 106 адам жана 56 жаштан жогору - 72 киши.


Ал эми стационарда 254 адам дарыланып жатат, алардын 8и оор абалда.


Каратаев кошумчалагандай, жалпы ооруп жаткандардын 154ү аял, 144ү эркек киши.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн