Бугу 17, 2024
Убакыт: 01:36
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Мира Жээнбекова, Бабырбек Жээнбековдун кызы: “Атам тирүү болгондо агам Равшанды жалаа менен темир торго отургуза алышмак эмес”

28.09.2021 22:21
13443
Мира Жээнбекова, Бабырбек Жээнбековдун кызы:  “Атам тирүү болгондо агам Равшанды жалаа менен темир торго отургуза алышмак эмес”


“Билимсиз адамдар билимдүүлөрдүн үстүнөн башкарганда коомдо өсүп-өнүгүү болбойт”.                                       

Бабырбек Жээнбеков


Улуу устат, белгилүү юрист, айтылуу калемгер журналист Бабырбек Жээнбековдун көзү тирүү болгондо үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында 70 жашка толмок. Бул мааракелик датаны утурлай маркумдун элесин уулу Равшан менен эскерип, маектешүү максатымда бар эле. Ага жеткирбей каарманым адилетсиз жагдайда камалып кеткенинен улам залкар инсандын элесин кызы, Бишкек шаардык сотунун мурдагы судьясы Мира Бабырбековна менен бирге эскердик. Эмесе, “Ачык Саясат”, “Алиби”, “Назар” гезиттеринин түптөөчүсү, белгилүү коомдук, саясый ишмердин рухуна таазим этүү менен элесин эскерип турубуз. Арбагы ыраазы болсун! 


- Мира айым, атаңыздын көзү өткөнүнө 2 жарым жылга аяк басты. Анын акка моюн сунгандыгы тууралуу “жагымсыз коңгуроону” алгач сизге ким какты?


- “Жашоонун четин ким билет, жашоодо болгон ким тирек” - дегендей жашоодо эч ким тирек болуп, түбөлүк жашап калбайт экен. Бул жалганда өмүр менен өлүм бир жүрөт турбайбы. Атам акыркы жылдары ооруп жүргөнүн жакшы билесиң да Калыгул. Асылган оору атабызды акыры алып тынаары белгилүү болуп калган. Ошондуктан, жашоосунун акыркы күндөрүндө балдары, небере-чөбөрөлөрү, бир туугандары жанында болдук. Атам абдан тууганчыл адам болгондуктан бир тууган иниси, карындашы, алардын бала-бакырасы менен акыркы мүнөттөрдү бирге өткөрүп, көңүлүндөгү нерсени жасоонун аракетинде болдук. Өзгөчө агам Равшан атанын алдындагы балалык милдетин аткарып, анын оорусу менен күрөшүп, атама күч-кубат берип, ыраазычылыгын алып жатты. 2019-жылдын 21-март Нооруз күнү атам негедир тоону эңсеп, жаратылышка чыгууну суранды. Канчалык атамдын ден-соолугуна кооптонсок дагы бир туугандар баарыбыз чогулуп, шаардын четине жаратылышка чыктык. Ал жерден оюндагысы аткарылгандыгынанбы же башка себептерденби, аябай жакшы отурду. Кийин ойлосок, жаратылышты, айылды, жакындарын сүйгөн адам катары, өзүнүн балдарынын, бир туугандарынын маңдайында бул дүйнө менен коштошуусу болду окшойт деп калдык. Ошол күнү түн ичинде баарыбыздын көз алдыбызда бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. Кудайым бизге баарыбыздын бир болуп, ушундай оор жоготуунун алдында бири-бирибизге жөлөк болуп, атабыздын жанында болуу мүмкүнчүлүгүн бергендигине миң мертебе ыраазы болом. 


- Ата жолун жолдогон юрист эмессизби? Ар убак чындыктын жарчысы болгон Бабырбек Субановичтин коомдогу, саясаттагы, журналистикадагы жоктугу сизге кандай таасир этет?


- Туура, мен ата жолун жолдогон юристмин. Саясат менен журналистика тыгыз байланышта деп айтсам жаңылышпасмын. Мен бир эле атамдан эмес, жашоодогу кеңешчимден, таянычымдан, аска-зоомдон ажырадым. Кесипкөй юрист, журналист катары көптөгөн маселелерди талкуулап, ортодон отуруп чеччү элек. Мен үчүн бул жашоодогу абдан оор, орду толгус жоготуу болду. Бул эми турмуштун мыйзамы экен да. Ошол эле учурда мен атанын кызы болгонума, ушундай үй-бүлөдө төрөлгөнүмө абдан сыймыктануу сезими менен жүрөм. Атам эл-жерибизге кызмат кылган, ар убакта өзүнүн калыс сөзүн айтып, дайыма элдин кызыкчылыгын ойлогон инсан катары жумурай-журтка таанылган, ошол эле убакта адамгерчилик сапаттары менен биздин мамлекеттин эркин өнүгүүсүнө өз салымын кошкон мекенчил адамдын кызы болгонума сыймыктанам. Албетте, аска-зообуздун жоктугу мага гана эмес, бир туугандарыма, көптөгөн кесиптештерине, кыргыз элине да сезилсе керек. Атамдын көзү тирүү болсо көп нерселер башкача болмок деп ойлоп коем. Өзүң жакшы билгендей биздин үй-бүлө саясатка жакын. Агам Равшандын саясатта жүргөнүнө да 20 жылга чамалап калды. Кыргызстанда болуп жаткан нерселерге өзүнүн көз карашы бар, демократиялык принциптерди дайыма даңазалап, ал принциптеринен эч качан тайбаган саясатчы. 2019-жылкы Кой-Таш окуялары боюнча азыр камакта отурат. Атам тирүү болгондо мүмкүн бир тууганыма мындай жалган жалаа менен отургузганга жол бербейт беле деген ойлор кетет. Мындай учурларда аскалуу тоомдун жоктугу мага гана эмес, аны жакын туткан адамдарды да ойго салат.


“Атамбаев ата-бала Жээнбековдордун көз-караштарына карабай мени судьялыкка дайындаган...”


- Кыргызда “Ата баркы менен кыз өтөт” - деген таамай кеп бар. Сиздин баш калаа тургундарынын тагдырын чечер бирден-бир судья, фемида өкүлү болуп, карьера жасашыңызга атаңыздын таасири канчалык деңгээлде болду?.. 


- Бул кесипке мен бала күнүмдөн кызыккангабы, келечектеги чыйырымды тандоомдо атам өзү кесиби юрист болгондуктан, салымы зор. Атам мага “Ар бир солдат генерал болом деп кыялданат, ар бир юрист сот болом деп кыялданышы керек” деп калчу. Кичинекейимдеги менин ошол кыялдарым, атамдын да кыялындагы ой-максаттары Кудайдын буйругу менен ишке ашып, 2016-жылы Бишкек шаардык сотунун судьялык кызматына сынактан өтүп, 5 жыл иштедим. Белгилей кетчү нерсе, ал убакта өлкө башчысы Алмаз Шаршенович Атамбаев эле. Ал мезгилде да байкем оппозициялык көз карашта болуп, Атамбаевдин туура эмес багыттагы иштерин кызылдай сындачу. Таң калыштуусу, байкемдин андагы оппозициялык көз караштарына карабастан, сынактан өтүп, президент Атамбаевге маектешүүгө киргенимде, мени адис катары баалап, өзүнүн кандайдыр бир жеке таарынычтарын четке кагып, мени бул кызматка дайындоо жарлыгын чыгарган. Өзүнүн бийик инсан экенин далилдеп. Мындай сапат ар бир ажого эле таандык эмес экендигин турмуш өзү далилдеди. Ошол 5 жылдын ичинде мен сот системасына тереңинен аралашып, көп тажрыйба алдым. Түшүнгөн адамга бул кызмат өтө жоопкерчиликтүү, укуктук нормаларды, мыйзамдарды гана билүү эмес, жашоо мыйзамдары да бар экендигин билүү зарыл. Себеби, судьялык кызмат адамдын жеке сапатына тийиштүү билим: терең акылды, жан дүйнөнүн тазалыгын, ар кандай кырдаалда коркунучка, эмоцияларга алдырбай калыстыкты сактап, тууралыкта туруп, ар кандай басымдарга туруштук бергидей эркти, күч-кубатты, билимди, тажрыйбаны талап кылат. Жашоо мыйзамында илим менен такталбаган, бирок, аны адамдар жокко чыгара албаган, ак менен караны, арам менен адалды тааныбасан, кагазга жазылган мыйзамга туура келет деп иликтебей туруп, чечим чыгарып салсаң, бир ак адамдын тагдыры талкаланып, ал адамдын, анын жакындарынын муң-зары, каргышы сага болбосо да урпактарыңа залакасы тийбейт деп ким кепилдик берет? Андыктан, мен ойлойм, атамдын кесипкөй, адамдык сапаттары, мага берген тарбиясы менин кесип тандоомо оң таасирин берди.


- Мен билгенден шефтин көптөгөн асыл сапаттарына удаа шашпаган, “кыямат кайым башталды” - десе да эч бир “былк этип койбогон” мүнөзү бар эле. Сиз бул жагынан дагы кандай сапаттарын белгилейт элеңиз?..


- Атамдын кебелбеген, кээде кыялкеч, шашпаган, мүнөзү назик, эч кимге катуу сүйлөбөгөн, ошол эле учурда кебелбеген мүнөзүнүн артында чечкиндүүлүк, тайбастык жана эрктүүлүк сапаттары катылып турар эле... Кесиби юрист болгондуктанбы же жаралгандан ушул сапаттар кошо берилгенби, айтор, дайыма калыстыкты сактаган, алсызга болушуу, колунан келсе жардамын аябаган, айкөлдүк сапаттарын байкайт элем. Азыркы учурда мындай сапаттар биздин жаш муундарыбызда гана эмес, ак сакалдарыбызда деле байкалбай калбадыбы.


“Атамда кандайдыр бир адамдын ыйык касиеттеринин симбиозу бар эле...”


- Ата-бала Жээнбековдордун Бакиевдин, Атамбаевдин доорундагы саясаттагы активдүүлүгүн үйдөн бир туугандары, жакындары кандай кабылдаар элеңиздер?


- Аял заты ар дайым мээримдүү, эмоционалдуу келет эмеспи. Андыктан, ар дайым эле атабыздын да, бир тууганыбыздын да алтын баштарынын аманчылыгын көздөп, саясаттан алыс болсо экен деп күйпөлөктөйбүз. Ошого карабастан атабыздын да, бир тууганыбыздын да адилеттүүлүк үчүн ар дайым эч бир коркунучка карабастан тайманбай айткан, айтканынан кайтпаган өжөрлүгү бар. Ошондон улам ар бийликтин кетирген кемчиликтерин бетке айтып, куугунтукка учурашты. Бул саясый активдүүлүктөр, демократиялык мамлекет курууда салым кошуу канчалык оор экендигин билсек да биз, жакындары, бул нерсенин элибиз үчүн жаркын келечеги бар экенин түшүнүү менен кабыл алып, убагы келгенде тарых өзү баа берээрин билебиз.


- Атаңыздын коштошуу зыйнатында агаңыз Равшан Жээнбеков “атам өлүмдөн да корккон жок” - дегени бар. Дегеле атаңыз эмнеден коркчу эле? Чыгармачыл адамдардын жан-дүйнөсү назик болот. Атаңызга назиктик мүнөздүү беле?


- Жогоруда айтпадымбы, атам канча жолу өзүнүн өмүрүнө коркунуч болгонуна карабастан ак сөзүн айтып турду. Өзгөчө журналистика тармагында алектенип жүргөндө канча деген коркутууларга жана кысымдарга учурады. Бакиевдердин ыплас бийлигинин убагында өзүнүн көз карашын тайманбай гезит бетине чыгарып тургандыгы үчүн бийлик тарабынан кысымдарга, коркутууларга, айыптарга дуушар болсо да эч нерседен корккон жок. Өзүнүн тандаган жолунан, позициясынан тайбады. Бир гана корккон нерсеси, атам өзү дайыма калыстыкка, адилеттүүлүккө, билимге умтулган адам болгондуктан, наадандыктан, билимсиз, пас адамдардын бийликке келишинен коркчу. Себеби, “билимсиз адамдар билимдүүлөрдүн үстүнөн башкарганда коомдо өсүп-өнүгүү болбойт” - деп көп айтып калчу. Атам абдан өзөгү бекем, эрктүү, кыйынчылыкка түтө билген, туруктуу, ошол эле учурда жан-дүйнөсү өзгөчө назик адам эле. Атамда кандайдыр бир адамдын ыйык касиеттеринин симбиозу бар эле. Бир караганда көктүгү, өжөрлүгү, адилеттүүлүгү, ошол эле убакта чыгармачыл адамга таандык назиктиги, эч бир адамга катуу сөз айтпагандыгы, эч кимдин көңүлүн оорутпагандыгы, адамдарга кандайдыр бир деңгээлде туура, түшүнүктүү жеткире билген сөзмөрдүк касиети жакчу эле. Бирөө жарым туура эмес же катуу көңүлүн оорутуп койсо да ал адам жөнүндө жаман айтпай, бирок, ошо адамга туура эместигин кат аркылуу тереңинен жеткире алчу. Бул жашоого келген ар бир адамдын өзүнүн аткарчу иши, милдети болот экен. Көп адамдар бул дүйнөгө үй-бүлөсүнө, жакындарына кызмат кылуу өзүнүн милдети деп эсептесе, кээ бир адамдар үчүн бул милдет аздык кылат, андай адамдардын милдетти элге, жерге, мекенге кызмат кылуу деп эсептейт. Менин атам ошол адамдардын катарында экенине сыймыктанам.


Маектешкен Калыгул Бейшекеев

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таалайбек кызы Бегайым
Устатын сыйлаган адамдын келечек жолу кенен болот 👍