Бугу 20, 2024
Убакыт: 20:18
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Мирлан Бакиров: "Жети өлчөп, бир кесип" “Мекеним Кыргызстан” менен шайлоого барууну чечтим (маек)

12.06.2020 17:55
3202
Мирлан Бакиров: "Жети өлчөп, бир кесип" “Мекеним Кыргызстан” менен шайлоого барууну чечтим (маек)

 

Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат, вице-спикер Мирлан Бакиров “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине экслюзивдүү маек берди. Депутат өз маегинде келечек пландары тууралуу айтып, күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен катышууга ниеттенип жатканын билдирди. Анда интервьюнун биринчи бөлүгүн сунуш кылабыз.


- Сиз келээрки парламенттик шайлоого катышасызбы?


- Ооба, Кудай буюрса шайлоого катышам. Ал үчүн тажрыйбам жетиштүү. Баштап койгон мыйзамдарым бар, аларды ишке ашырууну жана жетишпей калган айрым жагдайларды эске алып, кийинки чакырылышта да депутат болуп, иштеримди улантууну ниеттенип жатам. Мисалы, табигый жаңгак токою боюнча ири мыйзамдар коомдук талкууда турат, балык чарбасы тууралуу да мыйзамдарым бар. Ошондой эле онлайн сабак өтүү жөнүндө чоң мыйзам жазганбыз. Бул мыйзамды пандемия кырдаалында эмес, ага чейин эле даярдап баштаганбыз. Бир жерде туруп, башка аймактын окуучуларына сабак өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу механизмин иштеп чыгып, жаңы шарттарды түзүүнү камсыз кылып берсек деген ойдобуз.


- Сизди шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен аттанат деп жатышат. Сизге кимдерден сунуш түшүп жатат?


- Бул боюнча сүйлөшүүлөр узак мөөнөттүү жүргүзүлдү. 9 пайыздык тосмо коюлгандан кийин көпчүлүк эле саясатчылар, көптөгөн партиялар арасында сүйлөшүү процесстери болуп жатты жана азыр да жүрүп жатат. Бул процесс качан съезд өтүп, тизме бекигенге чейин улана берет. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Кыргызстанда 240тан ашык партия бар, ошондуктан партиялар арасында диалог ар дайым болуп турушу керек. Бизде дагы биригүү тууралуу көп жолку сүйлөшүүлөрдөн кийин “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы менен шайлоого аттануу чечимине келдим.


- Эмне себептен бул партияны тандап калдыңыз?


 - Бул партиянын буга чейин шаарларда көрсөткөн жыйынтыктарын, жаштардан түптөлгөн курамын көрүп, алардын күчтүү команда экенин, келечекте үмүт жараткан жаштар бар экендигин, реалдуу реформаларды ишке ашырууга бара турган ой пикирлери бар экенин эске алдым. Ошентип "Жети өлчөп, бир кесип" “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы менен барууга бел байлап жатам. Бул партиянын төрагасы болуу тууралуу мага сунуш кылышты жана мен ал сунушту кабыл алып, төрагалык милдетти аркалап жатам. Бул маселе съезд менен бекиген.


- Партиянын катарында кимдер бар?


- Катарыбызда кимдер бар экени тууралуу айтуудан азыр кармана турайын, уруксат берсеңиз.


- Партиянын кеңешмесине катышканы тууралуу депутат Тынчтыкбек Шайназаровдун, Бакыт Төрөбаевдин жана башка 4-5 депутаттын аты аталган эле.


- Бул депутаттардын катышканы жана алардын жыйындан чыгып кеткени тууралуу айтылган маалыматтар чындыкка дал келбейт, андай факты болгон эмес.


- “Мекеним Кыргызстан” партиясын Матраимовдор каржылайт экен, деген кептердин чындыгы барбы?


- Партия деген группа же топ. Группа бул – ой пикири, идеологиялары төп келишкен адамдардын тобу же алар тарабынан түзүлгөн саясий-коомдук уюм. Ал бир адамдын же компаниянын менчиги эмес. Ал жерде ар кандай саясий көз караштагы адамдар болушу мүмкүн. Ошондуктан бүгүнкү күндө “Мекеним Кыргызстан” партиясынын эшиги ачык, кандай инсандар келсе дагы кызыкчылыктары туура келсе, пикир алышып, сүйлөшүп, алдыга пландарды коюп ишке ашырууга бирге аракет кыла бермекчибиз.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн