Бугу 15, 2024
Убакыт: 00:55
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Момбеков Дастан Бекешевдин ИИМге суракка чакырылганына нааразы болду (ВИДЕО)

21.04.2021 20:48
924
Момбеков Дастан Бекешевдин ИИМге суракка чакырылганына нааразы болду (ВИДЕО)


Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңеште аткарылган иштери боюнча маалымат берди. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков кесиптеши Дастан Бекешевдин ИИМге суракка чакырылганына нааразы экенин билдирди.


"Кесиптешимди ИИМ Октябрь окуялары боюнча көрүп билгениңизди айтып бериңиз деп суракка чакырыптыр. Дастан Далабаевчтин көзү көрүп калды беле? Көргөн кишилерди көмүскөдө калтырып, көрбөгөндөрдү суракка чакырганы бул кандай?", - деп Башкы прокурорго жана ИИМге кайрылды.


"Дастан Бекешев таланттуу адам, ал Жогорку Кеңештин депутаты, бир нече мыйзам долбоорлорунун автору. ИИМ уккан билгени бардыр деп чакыргандыр", - деп жооп берди Башкы прокурор.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн