Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Яндекс Go менен макулдашууга кол койду

26.12.2023 13:43
792
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Яндекс Go менен макулдашууга кол койду


Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен Yandex Go маалыматтык тейлөө кызматы макулдашууга кол койду. Документ жүргүнчүлөрдү ташуу рыногунда керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарынын балансын сактоого багытталган.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан кабарлашкандай, макулдашуунун алкагында тараптар биргеликте керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана рынокто атаандаштыкты колдоо мыйзамдарын сактоо максатында, суроо-талаптарды жана арыздарды кароо боюнча жумушчу топ түзөт.

Ошондой эле кызмат монополияга каршы мыйзамдардын талаптарын сактоо жана компаниянын ишин талдоо максатында кол коюлган макулдашуунун аткарылышына мониторинг жүргүзүп турат.

Макулдашуу Кыргызстандын керектөөчүлөр рыногун тең салмактуу жана туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн