Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 15:23
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Москвада мекендештерин карактап кеткен Кыргызстандын үч жараны кармалды

20.03.2024 11:55
83
Москвада мекендештерин карактап кеткен Кыргызстандын үч жараны кармалды


Москвада мекендештерин карактап кеткен Кыргызстандын үч жараны кармалганын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.


Билдирмеге караганда, бир нече күн мурда ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө каракчылардан жапа чеккен жарандардан кайрылуу келип түшкөн.


"Шектүүлөр кыргызстандык эки кыздын үйүнө кирип, бычак менен коркутуп телефон, акча жана зер буюмдарын алып кетишкен. Мекендештердин арызы Москванын полициясында катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 162-берененин 3-бөлүгү ("Каракчылык") боюнча иш козголгон", — деп айтылат маалыматта.


Ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында каракчылыкка шектелип Кыргызстандын үч жараны колго түшүрүлгөн. ИИМ кармалгандар Россияга иштегени барганын, учурда алардын башка кылмыш иштерине тиешеси бар-жогу текшерилип жатканын кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн