Жетинин айы 04, 2025
Убакыт: 19:20
USD
87.30
87.80
EUR
100.20
101.20
RUB
1.075
1.105

Москвадан муфтиятка эки дем алдыруучу аппарат жана дары-дармектер келди

21.07.2020 17:09
780
Москвадан муфтиятка эки дем алдыруучу аппарат жана дары-дармектер келди


Москвада эмгектенген жеке кайрымдуу инсандар 2 дем алдыруучу аппарат жана дары-дармектерди беришти. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-июлда Москва шаарында эмгектенген жеке кайрымдуу инсандар 2 дем алдыруучу аппарат жана зарыл болгон дары-дармекти Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгына өткөрүп беришти.


Бул каражаттар обсервацияда дарыланып жаткан бейтаптарга таратылмакчы. Муфтият кайрымдуулук колун сунган мекендештерге ыраазычылыгын билдирип, ушундай оор кырдаалда дары-дармекке муктаж болуп жаткан момун мусулмандарга табылгыс жардам экенин белгилешти”, - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн