Бугу 19, 2024
Убакыт: 12:18
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Муфтий Баткенге гуманитардык жардам жеткирип, элден кабар алды

21.09.2022 14:23
279
Муфтий Баткенге гуманитардык жардам жеткирип, элден кабар алды

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Баткен облусуна чукул иш сапары менен барып, болуп өткөн каргашалуу окуялардан жабыр тарткан жарандардан кабар алды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.


Азирети Муфтий эвакуацияланган жарандардын абалын сурап, кандуу окуяларда курман болгондорго Куран окуп, дуба кылды.


«Алла Таала мамлекетибиздин бүтүндүгү, элибиздин амандыгы үчүн Мекен чегинде курман болгон аскерлерибизди шейит даражасына көтөргөн болсун. Биздин тынч уйкубуз, балдарыбыздын шыңгыр күлкүсү, жайбаракат жашообуз үчүн эл четинде, жоо бетинде жүргөн жоокерлерибиздин жүрөгүнө көк жалдык, билегине күч-кубат берсин Жаратканым. Мүңкүрөбөйлү, сабырдуу бололу. Кыргыз эли оор күндөрдү биримдик жана сабырдуулук менен жеңип келген», – деп билдирди Азирети Муфтий.


Эскерте кетсек, Азирети Муфтий баштаган аалымдар шейит кеткен жоокерлердин рухуна багыштап тилават түшүрүп, түлөө өткөрдү. Ошондой эле штабдарга чогулган жардамдарды тапшырды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн