Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Муфтий Москвадагы мекендештер менен жолугушуп, үй-бүлө, мекен жана бала тарбиясы тууралуу сүйлөдү

30.08.2022 15:19
361
Муфтий Москвадагы мекендештер менен жолугушуп, үй-бүлө, мекен жана бала тарбиясы тууралуу сүйлөдү



Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Москва шаарындагы мекендештер менен жолугушуп, бактылуу үй-бүлө, мекенди сүйүү жана кызмат кылуу, бала тарбиясы боюнча баяндамаларды жасап, алардын суроолоруна жооп берүүдө. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.


Муну менен катар Азирети Муфтий мекендештерди ыймандуу, адеп-ахлактуу болууга үндөп, башкалар үчүн үлгү болууга чакырды.


«Кыргызстан деген мамлекетибиздин атын булгабашыбыз керек. Кайсыл өлкөдө болбоңуздар аанын мыйзамдарын так сактоо керек. Эң оболу ынтымак менен биримдикти бекемдеп, бири-бириңиздерди таштабаңыздар. Бирөөгө жардам берүүдө ал ишти Жараткан Алла Таала билип турат. Сообун эселеп кайтарып берет»,-деди Азирети Муфтий.


Ал эми дан аалымдары Бактияр ажы Шарапов менен Абдулазиз ажы Юлдашов ислам дининин баалуулуктары боюнча баяндамаларды жасап, терс диний агымдардан оолак болууга чакырышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн