Бугу 06, 2024
Убакыт: 08:25
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Муфтият Дмитриевка айылында медресе курчалды деген маалыматты четке какты

17.05.2023 10:38
345
Муфтият Дмитриевка айылында медресе курчалды деген маалыматты четке какты

Дмитриевка айылында ок атышуу катталып, анда айрым басылмалар медресени курчап алды делген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.


Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында ок атышуу катталып, анда айрым басылмалар медресени курчап алды делген маалыматты таратышууда. Бул маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын расмий маалымдайбыз.


Окуя Дмитриевка айылындагы «Зулкарнайн» кыздар медресеси менен айыл өкмөттүн ортосундагы имараттарда катталган. Ал эми медресенин студенттери коопсуз жайга көчүрүлүп, бул жаатта тиешелүү органдар иш алып барууда. 


Андыктан Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы жалпыга маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн такталган маалыматтарды гана таратууга чакырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн