Муфтият айт намаз Бишкектеги жана өлкө аймагындагы бардык мечиттерде окуларын эскертип, анын программасын жарыялады.
Намаз 20-июль күнү эртең менен окулары белгилүү болгон. Коронавирус күчөп жаткандыгына байланыштуу эски аянтта эмес мечиттерде окуу чечими кабыл алынган.
Программасы:
- 07:00-07:20 — муфтий Замир кары Ракиевдин куттуктоосу жана баяндамасы;
 - 07:20-07:30 — куттуктоолор;
 - 07:30 — айт намаз
 
Муфтият айт намазга келген ар бир жаран санитардык эрежелерди так сакташы керектигин айтты:
- - бет каптын болуусу талап кылынат;
 - - ар бир адамга жайнамазын ала келүү сунушталат;
 - - мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралык так сакталсын;
 - - жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;
 - - дааратты үйдөн алуу;
 - - жаш балдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын келбей эле коюшу талап кылынат;
 - - айт намазы мечиттерде окулуп бүткөн соң көп убакытка кармалбай тарап кетүү сунушталат.
 
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн