Бугу 19, 2024
Убакыт: 10:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Муфтият ажылык сапарына баруучулар үчүн «Flaynas» авиакомпаниясын тандады

02.05.2022 08:55
396
Муфтият ажылык сапарына баруучулар үчүн «Flaynas» авиакомпаниясын тандады

Кыргызстандын муфтияты ажыларды ташый турган авиакомпанияны тандады.


Маалыматка ылайык, муфтият Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын улуттук авиакомпаниялары ортосунда тандоо жарыялап, ага бир гана «Flaynas» авиакомпаниясы документ тапшырган.


Тандоонун жыйынтыгында 2022-жылдагы убактылуу республикалык штабдын өкүлдөрү ажыларды ташууда кызмат көрсөтүү үчүн «Flaynas» авиакомпаниясын тандап алышты. Учурда авиакаттамдарды уюштуруу, келишим түзүү жана башка уюштуруу маселелери чечилүүдө.


Белгилей кетсек, быйыл Сауд Аравия ажылык сапарга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 2 766 квота бөлдү. Ажылыктын баасы 4500 АКШ долларын түзөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн