Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:42
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Муфтият ажылык зыяраты тууралуу депутат Фархат Исмаиловдун сөзүн четке какты

02.02.2023 09:46
461
Муфтият ажылык зыяраты тууралуу депутат Фархат Исмаиловдун сөзүн четке какты



Муфтият Жогорку Кеңештин депутаты Фархат Исмаиловдун парламенттин жыйынында ажылык боюнча маселе көтөрүп, анда учак, ажылыктын наркы жана ажылардын курмандыкка союлчу койлордун баалары боюнча сөз кылгандыгы боюнча расмий билдирүү кылат.  Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.


"Жыл сайын ажылык иштерин уюштуруу боюнча Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы (КМДБ) базасында Убактылуу республикалык штаб түзүлүп келет. Мисалы, быйылкы ажылыкты уюштуруу боюнча 30 мүчөдөн турган штаб түзүлгөн. Алардын курамына КР Президентинин Администрациясынан, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан, КР Ички Иштер Министрлигинен, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен, КР Саламаттык сактоо министрлигинен, КР Чек ара кызматы, КР Транспорт министрлигинен, Мамлекеттик каттоо кызматынан, КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинен, Аалымдар кеңешинен, Борбордук текшерүү комиссиясынан жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын кызматкерлери киришкен. Дал ушул мекемелер аралык комиссия ажылыкка тиешелүү бардык иштерди уюштуруп, конкурстарды өткөрөт. 


2022-жылы ажылык сапарынын наркы 4500 АКШ долларын түзгөн. Ажылык сапарын уюштуруудагы бардык төлөмдөр САП тарабынан түзүлгөн электрондук система аркылуу которулат. Муну менен катар коңшу өлкөлөрдөгү баа Кыргызстанга салыштырмалуу кымбат экендигин социалдык тармактар аркылуу билүүгө болот",- деп айтылат Муфтияттын билдирүүсүндө. 


Ошондой эле КМДБ коңшу өлкөлөрдө ажылыктын наркы тууралуу төмөнкүлөрдү билдирет: "2022-жылды ала турган болсок, Казакстан мамлекетинде 4245 АКШ долларынан баштап 6522 АКШ долларына чейин (VIP ажылык тейлөө каалагандар үчүн) түзсө, Өзбекстанда 5575 АКШ доллары. Тажикстанда 5 350 АКШ доллар болсо, депутат сөз кылып жаткан Россияда (500$ эмес!) 4800 АКШ долларынан баштап, 10 900 АКШ долларына чейин чейин (VIP ажылык тейлөө каалагандар үчүн) болгон".


Учак боюнча:


САПтын жарандык авиациясынын эрежесине ылайык, ажыларды эки өлкөнүн (САП жана Кыргызстан) авиакомпаниялары гана ташый алат. Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы ар жылы Сауд Араб Падышалыгы жана Кыргызстандын авиакомпаниялары ортосунда ачык конкурс жарыялап келет. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандагы учактар кара тизмеде болгондуктан улам, алар конкурска катышпай келишет. Ошондуктан конкурстан САПтын Флайнас авиакомпаниясы жеңип, бүгүнкү күнгө чейин ажыларды ташып келген. 


Белгилей кетсек, 1-февралда депутат Фархат Исмаилов ажылык зыяратынын баасы башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда кымбат экенин билдирип, буга байланыштуу депутаттык комиссия түзүүнү сунуштаган.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн