Бугу 06, 2024
Убакыт: 11:17
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Муфтият быйыл топтолгон битир-садаканын 2,8 млн сомун муктаждарга таратты

19.05.2023 11:18
274
Муфтият быйыл топтолгон битир-садаканын 2,8 млн сомун муктаждарга таратты


Битир-садаканын эсебинен социалдык коргоого муктаж жарандарга 2 млн 840 миң сом таратылды. Анын ичинен 1 млн 152 миң сому операция боло турган бейтаптарга жана майыптарга берилсе, калган 940 миң сом жетимдерге тапшырылды.


«Бул өлкөнүн булуң-бурчундагы момун-мусулмандар тарабынан топтолгон битир-садага. Аманаттарды өз дарегине жеткирүүгө аракет кылдык. Кудай таала битир-садага берүүчүлөрдөн ыраазы болуп, ибадаттарын кабылдап, эки дүйнөнүн жакшылыгын берген болсун. Ал эми бүгүн алуучу кол болуп тургандарга Алла Таала жеңилдик жана береке берип, учуру келгенде башкаларга жардам бере туран деңгээлге жетүүнү насип кылсын. Ооруп жаткандарга шыпаа, оор абалдагыларга жеңилдик, элибизге амандык, Мекенибизге тынчтык берсин», – деп билдирди Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев.


Белгилей кетсек, быйылкы жылы өлкө боюнча 54 млн сом битир-садака топтолгон. Жыйналган каражаттын 60 пайызы жергиликтүү мечиттерге, 15 пайызы хатибияттарга, 15 пайызы казыяттарга, калган 10 пайызы муфтиятка бөлүнгөн. Жогоруда муктаж жарандарга таратылган акча каражаты Муфтиятка бөлүнчү 10 пайыз фитир-садаканын эсебинен берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн