Бугу 19, 2024
Убакыт: 10:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Муфтият электрондук капчыктан чогулган 250 миң сомду 50 үй-бүлөгө таратты

30.04.2022 11:14
394
Муфтият электрондук капчыктан чогулган 250 миң сомду 50 үй-бүлөгө таратты


Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы электрондук капчыктын «жетим балдарга» бөлүгүнө келип түшкөн 250 000 сомду ата-энесинен ажыраган же атасынан айрылып, апасы, энеси жана жакын туугандары менен күн кечип келе жаткан 50 үй-бүлөгө 5 000 сомдон таратты.   Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.


Кайрымдуулук иш-чарасына Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев катышып, ата-энесинен айрылган балдарга көңүл айтып, Алла Тааладан бардык жакшылыктарды тилеп дуба кылды. 


«Электрондук капчыктар аркылуу садака-фитир, кайрымдуулук, зекет жана жетим балдарга деп атайын эсептик счеттор ачылган. Бүгүн минтип электрондук капчыктардан чогулган 250 000 сомду таратып, элибиздин аманатынан кутулуудабыз. Кайрымдуулуктарын берген элибизге да дуба кылышыбыз керек»,-деди Азирети Муфтий.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн