Бугу 19, 2024
Убакыт: 10:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Муфтият санитардык нормалар үчүн эмес, халал сертификаты үчүн жооп берет

03.11.2022 09:28
433
Муфтият санитардык нормалар үчүн эмес, халал сертификаты үчүн жооп берет

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы халал сертификаты тууралуу түшүндүрмө берди. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.


Муфтият билдиргендей, халал сертификаттын өзүнүн талаптары жана шарттары бар. Кайсы бир ишкана продукциясынын курамын текшертип, шарият нормаларына жооп берсе, ошого  жараша халал сертификат 1 жылдык мөөнөт менен берилет. Ал эми санитардык жаатына  санэпидемстанция жооптуу.  Ага Муфтият жооп бербейт.


Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын халал иштерин өнүктүрүү бөлүмү материалдык кызыкчылыкты көздөбөйт. Бөлүм сертификат алууну каалаган ишкерлерге шарияттын эрежелерин түшүндүрүп берет жана адал жаатына жоопту. Муну менен катар тамак-аштын курамына кошулуучу азыктарды текшерип, алардын адалдыгын карайт. Ал эми ишканаларда санитардык талаптардын сакталышы ар бир ишкердин абийиринде болот. Мекенин, элин ойлогон ишкерлер андайга барбайт.  Муфтият санитардык жаатын көзөмөлдөөчү мекеме эмес экендигин эскертебиз жана мындайга укугу жок!

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн