Бугу 16, 2024
Убакыт: 00:01
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Муфтиятта компетенциясы жеткен юристтер жок экен, - Мыктыбек Арстанбек

01.04.2021 09:11
870
Муфтиятта компетенциясы жеткен юристтер жок экен, - Мыктыбек Арстанбек


Журналист жана коомдук ишмер Мыктыбек Арстанбек Ютубдагы өзүнүн MYKTYBEK ARSTANBEK каналынан Кыргызстандын муфтийин шайлоонун тегерегиндеги маселелер боюнча өзүнүн пикирин билдирди.


Анын айтымында, Муфтият мамлеттик орган эмес, Адилет министрлигинен каттоодон өткөн бейөкмөт уюм жана анын мамлекет алдында өзүнүн ишин аныктаган уставы бар, ага ылайык иш кылат. Эч кандай саясий же экономикалык уюм эмес.


“Ошондуктан эгерде мага чакырык таштабаса, ал бейөкмөт уюмдун ишине кийлигишүүгө укугум жок. Мамлекет кийлигишпейбиз дегени менен муфтийди шайлоодо ар дайым кийлигише берет. Эмне үчүн? Анткени, ал жерде чоң акча бар. Ажылык сапарды уюштурууда акча болот. Муфтиятта компетенциясы жеткен юристтер жок экен же алар юристтер менен иштебейби билбейм. Биздин молдокелерден айланса болот, мен аларды жамандабайм. Алар супер аалымдар, биздин динге кылган мээнеттери укмуш. Бирок коомдук иштерде ордуларынан туруп, “мен КР атуулумун, мыйзамдык укуктарым бар, бейөкмөт уюмда иштеп атам, бул жерге эмнеге кийлигишесиң?” деп юристтер менен талашкандын ордуна, алдына төрт катын барса бүжүрөп “ихи-хи”деп туруп берет экен”, - дейт Мыктыбек Арстанбек.


Анын айтуусунда, Муфтият фатфа берүүчү, маалымат берүүчү уюм. “Бир кезде Жогорку Кеңеште отурган патриот молдокелер ажылыкты уюштуруу иштерин Муфтиятка берип коюшту, жоош баланын колуна “майтокоч” берип отургузуп койгондой эле болду. Бүт тегеренип ошол “майтокочту” алыш керек болуп атат эми. Ажылыкты мамлекетке же жеке фирмага берип койсо, көрөсүздөр муфтият кимге кызык экенин?”, - деди ал.


Эгерде Мыктыбек Арстанбек өзү муфтий болгондо, Муфтиятты президентке же премьер-министрдин түзмөт-түз өзүнө карай турган уюм кылмак экен. Себеби жылына 4 миңге жакын КР атуулу ажылыкка барып, миллиондогон акчалар чогулат.


“Кимдер башкарып барып, канчасын кимдер алып жатканын билишпейт. Ошондуктан президент өзү колуна албаса, дагы башка “шакалдар” үйүлөт жана Муфтияттын тегерегинде сөз кете берет”, - деп кошумчалады ал.


Анын ою боюнча, Муфтият динге кызмат кылсын десек, финансылык компетенциясын алып коюу туура.


Тема боюнча: Руслан Бекназаров: Муфтийди шайлоо эркин өтпөйт (маек)

Бакыт Нурдинов: Бийлик Муфтияттын ишине кийлигишүү оорусунан арыла албай жатат




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн