Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Мурдагы мэрлердин иши: Шаардык сот Кулматов менен Ибраимовго өкүм чыгарды

24.06.2020 17:41
511
Мурдагы мэрлердин иши: Шаардык сот Кулматов менен Ибраимовго өкүм чыгарды


Бүгүн, 24-июнда Бишкек шаардык сотунда мамлекеттин бюджетине чыгым келтирген деп айыпталып жаткан борбор калаанын мурдагы мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдон кылмыш иши каралды.

 

Отурумда айыптоочу тарап мурдагы мэр Албек Ибраимовду 20 жылга, Кубанычбек Кулматовду 20 жылга эркинен ажыратууну суранган.


Кеңешме бөлмөдөн чыккан судья, Ленин райондук сотунун чечимин өзгөрүүсүз калтырган.


Борбор каланын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовду 20 жылга эркинен ажыратуу менен үй-мүлкүн конфискацияга алып жана сот залынан камака алууну суранган.


Белгилей кетсек, Кубанычбек Кулматов Кытайдын гранты менен Бишкекте эки миллион долларга салынган мектептин 94 миллион 800 миң сомдон ашык акчасын жеп койгон деп айыпталууда.


Албек Ибраимов мэр болуп турган жылдары Бишкектеги жерди мыйзамсыз бөлүүгө,  "Дастан" заводуна жетекчилик кылып турган жылдары мамлекеттин бюджетине чыгым келтиргени үчүн жана Ысык-Көлдөгү мамлекеттик пансионатты мыйзамсыз саткан деп айыпталып жатат.


Буга чейин Ленин райондук соту Албек Ибраимовду күнөөлү деп таап 15 жылга эркинен ажыраткан. Кубанычбек Кулматов мамлекетке 5 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн