Бугу 15, 2024
Убакыт: 00:33
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Мурду жана кулагы кесилген келиндин абалы тууралуу маалымат берилди

Мурду жана кулагы кесилген келиндин абалы тууралуу маалымат берилди


Бишкекте мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен жүзүн кескилеген аялга дагы операция жасалат. Бул тууралуу анын эжеси Диана Елькен билдирди.

Ал Инстаграмда зомбулук көргөн келиндин атынан атайын баракча ачып, анын саламаттыгы жөнүндө маалымат берип жатат.

“Тилекке каршы эми кулак жана мурду мурункудай болбойт. Кулак, мурунунун аз эле бөлүгү сакталып калыптыр. Эми дагы операциялар жасалат”, - деп жазды эжеси.

Белгилей кетсек, окуя 20-сентябрда Селекция айылында болгон. 36 жаштагы аял бычакталып, ооруканага түшкөн. Кылмышка шектүү катары анын мурдагы күйөөсү, 39 жаштагы жаран кармалган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн