Бугу 16, 2024
Убакыт: 07:56
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Нариман Түлеевдин убадалары шайтанды ыйлатууда...

01.04.2021 17:38
952
Нариман Түлеевдин убадалары шайтанды ыйлатууда...


Бакиевдин кандуу режиминде Нариман Түлеев Бишкектин мэри болуп туруп, Ала-Тоо аянтына Коңурбай, Шыпсайдар, Нескара, Жолой баштаган кытай-калмактардын баатырларынын айкелдерин тургузганда эле түңүлгөнбүз. Аларды элибиз аянттан талкалап, сүрүп чыгарган. 


“Калптын казаны кайнабайт” деген кыргыздын накыл кеби бар. Түшүнгөндөр үчүн Түлеев каңырык гана түтөтүп атат да. Бишкек шаардык кеңешине “Ак бата” партиясы менен аттанып алып, алдагандын үстүндө го? “Көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун оңдоп-түзөйм, жаңыртам, жасайм. Ар бир үйгө жаңы лифт! Пенсияны көбөйтөм. Жашооңорду жомок кылам...” дегендей убадаларды берип, урдуруп баратат. “Мен мэр болуп турганда Бишкектин түштүк магистрал жолун кургам, эми айланма жагын салам...” дегендей калпты-чынды койгулаштырат. Эске салсак, түштүк магистрал жолу мурдагы мэр Арстанбек Ногоевдин учурунда эле долбоору чечилип, акчасы которулуп калса, аны кийинки келген “маймыл” деле бүтүрмөк да, туурабы? Даяр оокатка ээ боло калганына кандай баа беребиз? 


Айтор, Наримандын шылуундугу элибизди кайрадан сызга отургузуп кетпейби? Ойлонгула! 


Булак: 

"Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн