Бугу 10, 2024
Убакыт: 23:40
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Нарын районундагы "Куланак" ГЭСинин курулушуна 44 миллион доллар бөлүнөт

04.07.2023 14:56
464
Нарын районундагы "Куланак" ГЭСинин курулушуна 44 миллион доллар бөлүнөт


Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду менен Евразия өнүктүрүү банкы Нарын облусундагы 100 мегаватт кубаттуулуктагы "Куланак" ГЭСинин курулушун биргелешип каржылоо боюнча кредиторлор аралык келишимге кол коюшту. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирди.


Фонд Куланак ГЭСи Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүү долбоор экенин белгилейт. Аны ишке ашырууга фонд 44 миллион доллар бөлөт. Ошол эле сумманы ЕӨБ каржылайт.


«ГЭСтин ишке кириши биздин өлкөдөгү энергетикалык тартыштыкты дээрлик 20 пайызга кыскартууга жардам берет. Аны курууда 1000 жумушчу орун түзүлөт, ал эми ишке берилгенден кийин 100гө жакын. Станция Нарын дарыясындагы ГЭСтер сериясынын биринчиси болот», - деди Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков.


Мындан тышкары, дамба менен суунун деңгээлин көтөрүү сугат жерлеринин аянтын 7,2 миң гектарга чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. ЕӨБ Башкармалыгынын төрагасынын орун басары Денис Ильин Куланак ГЭСинин курулушунда буга чейин чоң көлөмдөгү даярдык иштери жүргүзүлгөнүн белгиледи.


«Куланак ГЭСи ЕӨБдүн Кыргызстандагы өлкө стратегиясын ишке ашыруунун алкагындагы маанилүү долбоор гана эмес, ЕӨБ «Борбордук Азиянын суу-энергетикалык комплекси» мегадолбоорунун этаптарынын бири. Кыргызстанда жаңы 100 мегаваттык генерациянын ишке кириши өлкөнүн энергетика системасындагы электр энергиясынын тартыштыгын азайтат. Мындан тышкары, күн станцияларынын иштеши жана шамалдын генерациясы менен байланышкан суткалык жүктөө графигин жөнгө салуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөр түзүлөт, аларды кеңири масштабда ишке киргизүү Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүндө пландалууда», - деди ал.


Эске салсак, жалпысынан фонд учурда жалпы кубаттуулугу 500 мегаватт болгон 15 энергетикалык долбоорлордун үстүндө иштеп жатат. Аларды ишке киргизүү жыл сайын эки миллиард киловатт-саатка жакын электр энергиясын иштеп чыгууга жана Кыргызстандын энергетикалык тартыштыгын 70 пайызга кыскартууга мүмкүндүк берет.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн