Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ниязбеков Астанада Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ИИМ башчыларынын жыйынына катышты

26.01.2024 17:07
285
Ниязбеков Астанада Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ИИМ башчыларынын жыйынына катышты


Ички иштер министри Улан Ниязбеков Астана шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ИИМ башчыларынын үч тараптуу биргелешкен жыйынына катышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга Казакстандын ички иштер министри Ержан Саденов, Өзбекстандын ички иштер министри Пулат Бобожонов катышкан.

Ошондой эле отурумга министрликтердин борбордук аппараттарынын кызматтарынын жетекчилери катышты.

Жыйын Борбордук Азия өлкөлөрүнүн калкынын бакубаттуулугу үчүн аймактык кызматташтыкты түзүүгө, достук жана коңшулук мамилелерди жаңылоого жана активдештирүүгө багытталган милдеттерди ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.

Улан Ниязбеков өз сөзүндө мамлекеттин туруктуулугун жана коомдун биримдигин сактоо - ар бир өлкөнүн башкы милдети, ал эми мамлекеттин коопсуздугу - анын аймактагы ийгиликтүү өнүгүүсүнүн жана туруктуулугунун өбөлгөсү экенин белгиледи.

“Бир гана мамлекеттин күчү менен кылмыштуулукка каршы натыйжалуу күрөш жүргүзүү мүмкүн эместигин баарыбыз түшүнөбүз, анткени анын дээрлик бардык көрүнүштөрү трансулуттук мүнөзгө ээ жана жалпы чара көрүүнү талап кылат. Ошондуктан чек арага жакын аймактары бар коңшулардын ортосундагы биргелешкен аракеттердин жана өз ара ишенимдин макулдашуусу аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуунун башкы шарты болуп саналат”- деди Улан Ниязбеков.

Сөзүнүн аягында Кыргызстандын ички иштер министри тийиштүү ведомстволорго кылмыштардын аталган түрлөрү боюнча активдүү жана тыгыз өз ара аракеттенүүнү, өзгөчө ыкчам маалымат алмашуу, биргелешкен иш пландарына таянуу менен тапшырма берүүнү сунуштады.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ИИМдеринин кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү аймактык кызматташтыгынын потенциалын жогорулатуу боюнча маселелерди талкуулашты.

Болуп өткөн талкуулардын жыйынтыгы боюнча министрлер ведомстволор ортосунда кылмыштуулуктун абалы жөнүндө ыкчам, статистикалык жана башка маалыматтарды алмашууну активдештирүүнү, туруктуу негизде маалымат алмашууну уюштурууну максатка ылайык деп табышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Борбордук Азия мамлекеттеринин Ички иштер министрликтеринин жыйынынын биргелешкен протоколуна кол коюлду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн