Бештин айы 10, 2024
Убакыт: 11:29
USD
86.65
87.15
EUR
91.10
92.10
RUB
0.855
0.900

Нобель сыйлыктарына таасирленүү, же кыргыз коомундагы кайдыгерлик, улутту талкалоо боюнча...

31.10.2024 10:35
1450
Нобель сыйлыктарына таасирленүү, же кыргыз коомундагы кайдыгерлик, улутту талкалоо боюнча...


Эл аралык Нобель сыйлыгын ыйгаруу жумалыгы ар бир эле жылдын башкы илимий жаңылыгы. Бул демилге окумуштуулар үчүн абдан чоң окуя катары кабыл алынат. Мындай жогорку даражага ээ болуу ар бир изилдөөчүнүн бийик максаты, купуя сыры, анан албетте, тер төгүп мээнет кылган түйшүктүү жана азаптуу эмгеги. Нобель сыйлыгынын ээлерин аныктоо жумалыгы үстүбүздөгү жылдын 7-11-октябрында Швециянын борбору Стокгольм шаарында өттү. Тынчтыкты коргоо номинациясы боюнча сыйлыкты аныктоо маселеси Норвегиянын Осло шаарында уюштурулду. Эми 2024-жылдын 10-декабрында, б.а. Альфред Нобелдин каза болгон күнүндө ардактуу сыйлык салтанаттуу түрдө өз ээлерине тапшырылат. 


Салтыбызды улай, биз бул сапар Нобель сыйлыгынын адабият, экономика жана тынчтыкты коргоо номинациялары боюнча кыскача баян кылабыз. 


Адабият. Нобелдин тарыхында биринчи жолу мындай ардактуу сыйлык Түштүк Кореялык жазуучу аял Хан Ганга тартууланып отурат. Бул сапар жюри мүчөлөрү Хан Ган айымдын эмгегин “Дене менен жандын, тирүүлүк менен өлүмдүн байланышын уникалдуу түрдө түшүнүүгө катар эле өзүнүн поэтикалык жана тажрыйбалык ыкмасынын касиети аркасында заманбап прозага новатордук салым кошту” деп белгилешти. Эмне деген улуу баа! Мындай бүтүм азыркыдай адамгерчилик сейрек кездеше баштаган заманыбызда так жана көлөмдүү түшүнүктөрдү өзүнө бекем камтып турбайбы?! Ал эми Нобель комитетинин корутундусу да абдан мыкты чыкты. Ал текст: “Тарыхый травмаларга каршылык кылууга жана адам өмүрүнүн морт экендигин ачып көрсөтүүгө арналган каныккан поэтикалык прозаны жараткандыгы үчүн” деп аталат. 


Адабияттын жаңы нобелиаты Хан Ган (Han Kang) 1970-жылдын 27-ноябрында Корея Республикасынын Кванджу шаарында төрөлгөн. Анын атасы белгилүү новеллист Хан Сун Вон. Каарманыбыздын бир тууган агасы дагы ийгиликтүү жазуучу экен. Демек, Хан Ган чыгармачыл үй-бүлөдө өсүп, жаштайынан эле жазуучулук өнөрүнө сугарылган тура. Ал онго чыкканда ата-энеси менен кошо Сеулга көчүп келишет. Мектепти ийгиликтүү аяктаган соң Кореянын эң абройлуу Ёнсе университетинин корея адабиятын өздөштүрүптүр. Абдан жакшы окуган. Ал 18 жашында искусство боюнча Корей Кеңешинин каржылык колдоосу астында АКШнын Айова университетинде уюштурулган Эл аралык жазуучулук өнөрканасында машыккан. 1993-жылы анын алгачкы литературалык дебюту болду. Ал жаш поэтесса катары Сеулдун “Адабият жана коом” аттуу журналына өзүнүн 5 ырын жарыялоого жетишкен. 1994-жылы анын “Кызыл якорь” аттуу аңгемеси престиждүү конкурсту уткандан баштап, анын адабияттык өнөрү шыр эле кетти. Биринчи аңгемелер жыйнагы “Йосу” деген аталыш менен 1995-жылы жарык көргөн. Каарманыбыздын чыгармачылык түшүмү кимди гана болбосун таң калтырбай койбойт. Атай турган болсок (аталыштары биз тарабынан эркин которулду): аңгемелер жыйнактары “Менин аялымдын мөмөсү” (2000-жылы); “Оттуу саламандра” (2012); романдары “Кара бугу” (1998); “Сенин муздак колдоруң” (2002); “Вегетарианка” (“Эт жебеген аял”, 2007); “Дем тартуу менен күрөшүү” (2010); “Грек сабактары”; “Адамдардын жоруктары” (2014); “Ак китеп” (2016) жана “Мен коштошпойм” ( 2021). Мындан сырткары 2013-жылы Хандын “Мен күүгүмдү ящикке жашырам” аттуу ырлар жыйнагызор резонанс жаратты. Бүгүнкү күнгө жазуучунун 18 китеби жарык көрдү. Тилекке каршы, нобелиаттын бир дагы чыгармасы кыргыз тилине которула элек! Орустар болсо анын “Вегетарианка” жана “Адамдардын жоруктары” аттуу романдарын которуп салышкан. Алтургай аудиоверсиялары да бар. Мисалы, мен өзүм анын “Вегетарианкасын” аудио аркылуу уктум. 3 главадан турат. Биринчисинин узактыгы 1 саат 34 мүнөт, экинчиси 1 саат 54 мүнөт жана үчүнчүсү 3 саат 18 мүнөт. Автордун жазуу стили өзгөчө экени сезилип турат. 


Хан Ган Сеул искусство университетинде адабият өнөрчүлүгүнөн сабак берип иштейт. Ал чыгармасын корей тилинде гана жазат. Учурда роман, аңгеме, поэзия жана эссе жанрларындагы мыкты автор катары элге таанылып турган кези. Ал өзү жаштайынан эле эл аралык абройлуу сыйлыктарга ээ болгон. 2016-жылы эл аралык Букер сыйлыгын “Вегетарианка” аттуу романы үчүн алган. Ал эми 2017-жылы “Малапарт” номинациясы менен италиялык сыйлыкты багындырса, 2019-жылы Испаниянын “Сан-Клемонте” сыйлыгына татыган. 2019-жылы француздар ардактуу “Медичи” сыйлыгын тартуулаган. Каарманыбыздын көп кырдуу таланты бар. Ал музыка менен сүрөт искусствосуна дагы шыктуу. Анын бул кызыгуулары адабий чыгармаларында өзгөчө маани менен чагылдырылат. Мисалы, анын “Сенин муздак колдоруң” аттуу романында скульптор менен фотомоделдин ортосундагы мамиле автордун өтө сезимдардыгы менен сүрөттөлгөн. Ал эми Ган “Тынч ырдалган ырлар” аттуу эссесинде толук бир музыкалык дискти жаздырууга да жетише алган. 


Адабият боюнча быйылкы Нобель сыйлыгына ат салышкандар арбын болду. Адаттагыдай эле континенттер аралык кызыкчылыктар дагы болбой койгон жок. Акыркы 10 жылда адабият сыйлыгын алган америкалыктар жана европалыктар үстөмдүк кылгандыктан, букмекерлер бул сапар Австралиянын, Азиянын жана Латын Америкасынын талапкерлерине басым жасап жатышты. Мисалы, башкы жеңүүчүлөрдүн катарына алар төмөнкүдөй коэффициенттеги ставкаларды коюшту: кытай жазуучу аял Цань Сюэ (10/1), австралиялык жазуучу Джеральд Мариейн ( 12/1), белгилүү жапон жазуучусу Харуки Мураками (14/1) жана аргентиналык чебер Сезар Айра (16/1). Баарынан кызыгы, мындай коэффициент каарманыбыз Хан Ганга болгону (18/10) эле түздү. Ошентсе да корей кызы жюри мүчөлөрүнүн жашыруун добушу менен көпчүлүк баага татып отурат. 


Хан Гандын чыгармачылыгынын кандай өзгөчөлүктөрү бар? Нобель комитети анын 2 касиетин белгилөөдө. Анын биринчисинде автор адам өмүрүнүн морттугун чеберчилик менен сүрөттөгөнү мүнөздөлөт. Ооба, Гандын “Вегетарианкасында” Ёнхе аттуу башкы каарман аял түшүнөн чочуп, этти такыр жебей калат. Муздаткычтагы эт, сүт, жумурткалардын баарын таштандыга ыргытып салып, күйөөсүнүн дооматтарына да кулак салбай калганычы? Диндин деле таасири байкалбайт. Себебин өзү дагы дурустап түшүндүрүп бере албаганы кызык. Күйөөсүнүн эт кошулган даамдуу тамакка болгон табити күчөп, аялынын мындай жоругуна кыжыры келет. Сунуш кылынган чөп-чар менен тамактанууга өтүүгө эркектин эрки жетпейт. Алтургай аялынан уйку качат, эч нерсеге көңүлү чаппай азап чеккеничи? Күйөөсү иштеген фирманын корпоративдик кечесинде дагы өзүнүн эт жебеген кыялы менен чогулгандардын астында ыңгайсыздыктарды жаратат. Анын мындай аянычтуу абалын Вьетнам согушунун ветераны – каардуу атасы менен мээрман апасы дагы оңдоого аракет кылышып, бирок натыйжа чыкпаганы таңгалычтуу. Атасы элдин көзүнчө бетине чаап, оозуна этти жедириш үчүн күчтөп салган кыйноосу жанга батып, акырында Ёнхенин өз өмүрүнө кол салуу аракети менен коштолот. Акыры башкы каармандын тагдырын алсак, жездесинин айбанчылыгы, эжесинин кара мүртөздүгү жана күйөөсүнүн өзүмчүлдүгү заманасын тарытканычы? Автор бул чыгармасында аялзатынын ички жана сырткы өкүмзордукка каршы күрөшүн даңазалайт. Өтө оор сюжет! 


 Хан Гандын да өз билгени бар. Анын чыгармаларындагы инсандардын тарых травмаларын алуу түшүнүгү дагы чебер сүрөттөлгөн. Мисалы, анын “Адамдардын жоруктары” аттуу романы өзүнүн эле автобиографиялык чыгармасына окшошуп кетет. Мында автор өзү төрөлгөн Кванджу шаарындагы студенттердин бийлик саясатына каршы аракеттери сүрөттөлөт. Андагы 15 жашар баланын трагедиялуу өлүмүнүн айланасындагы драма абдан күчтүү жазылган. Ошол бактысыздын жакындарынын тагдырлары, өлүк денени алып чыгуудагы адам чыдагыс азаптар автор тарабынан даректүү документтештирилген жанрда жазылган. 


Менимче, биздин кыргызстандык жаш окурмандар жаңы нобелиат Хан Гандын жогорудагы эки романын окуп чыгышса, андан арбын руханий азык алышмак. Кыргыз коомчулугунда деле учурда көптөгөн оор социалдык абалдар орун алып келе жатат. Кайдыгерлик, жашоого болгон жеңил ойлуулук, диний фанатизмге ашкере берилгендик, билим берүү системасы жана маданият жаатындагы алешемдик көрүнүштөр. Мына ушулардын баардыгы чогулуп келип, кыргыз элибиздин иденттүүлүгүнө доо кетирип, улутубуздун нарк-насилин талкалап, бирдиктүү этностукка умтулуунун ордуна трайбалисттик, жердешчилик жана тууганчылык адаттардын кулу болуп, башкы идеябызды карайлап таппай келебиз.


Экономика. Дүйнө азыр абдан турбуленттүү агымга дуушарланып, ар бир өлкө өз арабасын кыбыратуу менен алек. А бирок, эмне үчүн кээ бир мамлекеттер бай жашап, ал эми башкалары кедейчиликтен чыга албай келишет? Бул суроонун жандырмагын табууга аракет кылышып, андан соң конкреттүү сунуш беришкен үч окумуштууга 2024-жыл үчүн экономикадан Нобель сыйлыгы ыйгарылып отурат. Алар америкалык изилдөөчүлөр – Массачусетс технологиялык институтунун профессорлору Дарон Аджемоглу менен Саймон Джонсон жана Чикаго университетинин профессору Джеймс Робинсон. Алар өз ара достошуп, мына, 30 жылдан бери аталган илим багытында биргелешкен илимпоздук вазыйпаларын аткарып келишет. Алардын чогуу жараткан институционалдык экономика боюнча илимий эмгектеринин бүткүл дүйнөлүк аброю абдан зор. Мисалы, Дарон Аджемоглу менен Джеймс Робинсондун “Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр бай, ал эми башкалары кедей?” (2012-жыл) жана Дарон Аджемоглу менен Саймон Джонсондун “Бийлик жана прогресс” (2023-жыл) аттуу китептери бат эле дүйнөлүк бестселлерге айланып, ар бир экономисттин жумушчу столунан орун тапкан. Бул үчөөнүн илимий сунуштарын кунт коюп окуп отуруп төмөнкүдөй бүтүмгө келесиң: “Эгерде ар кандай эле коомдо, укуктун артыкчылыгы болбосо жана бийлик төбөлдөрү калкты эксплуатациялоо жолуна түшүп алышып, салык же бажы төлөмдөрү менен эле күн көрүүнүн камын ойлоп калышса, анда мындай мамлекет эзели жалчыбайт жана өнүкпөйт!”. Лауреаттардын сунуштарынын негизги лейтмотивдери эле ушул ойлор. Биз канчалык кооз сөздөрдү айтып, элди ишендирүүгө аракет кылганыбыз менен өлкөнүн тагдыры, демек, бай же кедей жашоосу саясый институттардан гана көз каранды. Бул жолку нобелиаттардын негизги нарративи ушул пикирлерди эле берет. Буга чейин экономисттер өнүгүү моделин түзүүдө жогорудагыдай категорияларды ойлошчу эмес. Алар үчүн экономикалык өсүүнүн булагы катары өндүрүш факторлору болуп саналган – адам жана физикалык каптиал гана мааниге ээ болчу. Ал эми коомдук түзүлүштү изилдөөнү политологдор менен социологдорго түртө салышчу. 


Үч лауреатыбыз тең дүйнөлүк рейтингде эмгектери эң көп цитата катары колдонулган, алдыңкы 5%дык топ-окумуштууларга киришет. 


Профессор Дарон Аджемоглу акыркы 10 жылдан бери жогорудагыдай көрсөткүч боюнча биринчи орунду эч кимге бербей келет. Ал 1967-жылдын 3-сентябрында Стамбулда төрөлгөн. Анын ата-энеси Түркиянын алдыңкы окумуштуулары. Атасы Стамбул университетинин юрист-профессору болсо, апасы Стамбул орто мектебинин биринде директор болуп эмгектенген. Галатасарай лицейин бүтүрүп, Англиянын Уорик университетинен окуп, экономиканын бакалавры даражасына жетет. Андан соң Лондондун экономика жана саясый илимдер мектебинин математикалык экономика жана эконометрика боюнча магистратурасын ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жерден экономиканын доктору болгон жана лекция окууга киришет. 2004-жыдан бери АКШнын Массачусетс технологиялык институнун (MIT) профессору. Аялы Асуман Оздаглар ошол эле институттун электротехника боюнча профессору. Жубайлардын авторлош жарык көргөн бир нече илимий эмгектери бар.


Саймон Джонсон британиялык-америкалык экономист. Ал 1960-жылы Англиянын Шеффилинде туулган. Оксфорд университетинде экономиканын жана саясаттын бакалавры даражасын алган. Манчестер университетинин магистрдик программасын ийгиликтүү өздөштүргөн соң, АКШга кетип, ал жерден илимий тагдырын MIT менен байланыштырган жана 1989-жылы экономика боюнча PhD диссертациясын коргоого жетишет. Ошондон бери MITде эмгектенип келет. Ошол эле учурда АКШнын конгрессинин жана МВФтин илимий консультаттык кызматтарын да аткарып келүүдө.


Джеймс Робинсон – көрүнүктүү экономист жана саясый багыттагы күчтүү эксперт. Ал 1960-жылы Лондондо төрөлгөн. Анын дагы илимий басып өткөн жолу стандарттуу эле. Бакалавр – Лондон экономикалык мектеби; магистратура – Уорик университети жана PhDни АКШнын атактуу Йель университетинде коргогон. Азыр Чикаго университетинин профессору. Негизги илимий багыты – салыштырмалуу экономикалык анализ жана узак мөөнөттөргө арналган саясый сереп жүргүзүү. Эң кызыгы, анын профессор Аджемоглу менен бирге жазган “Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр өнүкпөйт?” аттуу илимий монографиясы кыргыз тилине которулуп, жарыкка чыккан эле. Робинсон китебинин бет ачарына катышуу үчүн 2023-жылдын жазында Бишкекке келген. Бир топ кызыктуу маектерди бергени эсибизде. Жаны тынбаган уникалдуу окумуштуу. Ал айрыкча Азия, Африка жана Түштүк Американын экономикалык саясатына кызыгат. Ал аймактарга барып, айлап-жылдап илимий иштерди жүргүзүп келет. Абдан толеранттуу илимпоз. 2013-жылы Джеймс Робинсон абройлуу “Prospect” журналынын изилдөөсү боюнча алдыңкы 100 дүйнөлүк ойчулдардын катарына кирген. 


Бул үч нобелиат кандай жаңылык киргизе алышты? Кыскача айта турган болсок, алар биринчи жолу институционалдык экономикааталыштагы жаңы багытты сунуш кылышты. Анын негизги идеясы – “Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр бай, ал эми калгандары кембагал?” деген суроонун үстүндө иштешип, натыйжада, ага сандык, б.а. математикалык түрдө негизделген жоопту бере алышты. Алардын алгачкы китеби “Диктатуранын жана демократиянын экономикалык булактары”деп аталат. Кептин баары аталышында эле турбайбы! Биздин, кыргыздардын, “суперэкономисттери” жана “гениалдуу экономист-окумуштуулары” кандай ой жүгүртүшөт? Ал баарыбызга белгилүү: “Эгерде кандайдыр бир өлкө кошунасынан 50%га бай болсо, демек, анын жаратылыш кен байлыктары арбын же эли мээнеткеч!” деген псевдотыянактар. Анан биздин эргулдар статистикалык сандарга манипуляция жасашып же министрликтердин жылдык отчетторуна таянышып, илимдин кандидаттары жана докторлору болуп жатып калышат. Экономика багытында биздин окумуштуулардын саны дүйнөдө биринчи орунда экен! Албетте, биздин деле таланттуу экономист-окумуштууларыбыз, мыкты адистерибиз бар. Бирок, алардын жолу тосулуу! Сыртка сүрүлүп калышкан. Көбү чет элдерде иштеп жүрүшөт! 


Мындай татаал түйүндү чечүү үчүн Дарон Аджемоглу, Саймон Джонсон жана Джеймс Робинсон 1990-жылдары эле ар бир өлкөнүн географиялык абалын, климаттык шарттарын, жашоо укладдарын, маданий айырмачылыктарын тыкыр изилдөөгө киришишкен жана маанилүү бүтүмгө келишкен. Мисалы, бир эле шаар институционалдык экономикасы түрдүүчө болгон эки өлкөнүн бийик дубал менен тосулган чек арасында жайгашсын дейли. Алардын жашоочуларынын ата-тектери деле бир. Алтургай география менен климаттык шарттары окшош. Маданияты менен салттары жалпы. Бирок, экөөнүн жашоо-турмуштарындагы айырмачылык асман менен жердей! Биринчиси бай, экинчиси кембагал. Эмне үчүн? Бул эки элдин жашоо сапаттарынын түрдүүчө болуп жаткандыгынын себеби, ошол экөөнү бөлүп салган бийик дубал эмеспи? Анткени, ошол тосмонун эки тарабындагы жашоочулар түрдүү институционалдык экономикага кептелишкен. Байлар жашашкан жагында экономикалык институттар сапаттуу билим алууга, кесип тандоого, киреше алууга шарт түзгөн инвестициялык климатты жакшыртууга кам көрөт экен. Бирдиктүү улуттук идеологияны орнотот. Ал эми саясый институттары болсо, канааттандырарлык эмес иштер көбөйүп баратса, мыйзам жолу менен андай бийликти дароо алмаштырып салууга же каталарды тез арада оңдоп кетүүгө мажбур кылат тура. Ал эми ошол эле шаардын шору каткан кедей тарабын алсак, билим алуу начар же пара алып көрүнгөндү туураган, илим изилдөө иштеринин ордуна фанатик динчилдердин арам ойлоруна жол берген, тууганчылык, карындаш-урук менен жердешчиликти алдыңкы орунга койгон, улутту бириктирүүнүн ордуна уруу-уруулардын кыйраткыч идеяларын колдогон, кайдагы бир байыркы жомокторго жетеленген саясатты жактырган жашоо болуп жатпайбы? Анан кайдагы өнүгүү? Дал ушундай мисалдарга таянган быйылкы экономист-нобелиаттар, ийкемдүү экономикалык моделдери менен ийгиликке жетишип отурушат. Анда суроо туулат. Эмне үчүн кээ бир өлкөлөрдө ошол эффективдүү экономикалык институттар иштеп кеткен, ал эми калгандарында аткарылбай калган? 


Мунун себебин, мисал үчүн, каармандарыбыз мындан 500 жыл илгери орун алган европалыктардын улуу географиялык ачылыштары менен тыгыз байланыштырышат. Авторлор мурда колония болуп келген 60ка жакын өлкөлөрдү изилдешкен. Ал эми ошол эле колонияларды тарыхтагы табигый эксперимент катары карашыптыр. Европалыктар өздөрүнүн колонияларында түрдүүчө эрежелерди колдонушкандыктары белгилүү эмеспи? Алардын айрымдарында азыр модага айланган демократиялык түзүлүштөр орун алса, ал эми кээ бирлеринде болсо диктатура орногон. Мындай айырмачылыктар жашоого ыңгайлуу шарттарга жараша каралат да. Ал жактарга европалыктар көп санда көчүп бара башташкан. Натыйжада, а жерлерде жеке менчик укуктары корголуп, кеңейтилген жана көп адамдар экономикалык активдүүлүгүн иш жүзүнө ашыра алышкан. Эгерде башка аймактар анчалык жагымдуулук жаратпаса, европалык келгиндер аз санда гана болушуп, бирок, так ошолор өзгөчө элиталык топторду түзүшүп, диктатура орнотушат. Жер ресурстарын каалаганча ээлешкен. Ошол эле учурда ээлеген аймактардагы Европадан барган адамдардын орточо жашоо өмүрлөрү дагы эске алынган. Жергиликтүү ооруларга туруштук бере албаган аймактарга, албетте, миграция аз агылары белгилүү. Мисалы, Түштүк Америка, Индия. Ал эми жагымдуу чөйрөлөргө европалык колонизаторлор жулунуп, көп санда барышкан. Мисалы, Түндүк Америка, Австралия, Жаңы Зеландия. Анан калса, жергиликтүү аборигендердин саны дагы таасир берген. Андай жерлер кен байлыктарга дагы бай экендиги анык. Ошондуктан колонизаторлор аларды согуштук күч менен багынтышып, тез эле жомоктогудай байышат. Аз эле сандагы баскынчылар жергиликтүү элди кырышкан, калгандарын кул катары кара жумуштарга чегеришип, андан бетер жыргашкан. Алтын, күмүш баштаган баардык кендерди ээлегенге үлгүрүшөт. Пахта, кант, нефть сыяктуу ресурстарды каалашынча пайдаланышкан. Жергиликтүү элдин турмушун азапка салышканы көндүм эмеспи. Ал эми жаратылыш ресурстары аз аймактар мындай азаптан оолак болушкан. 


Натыйжада, Аджемоглу, Джонсон жана Робинсон экономика илимине “инклюзивдик” жана “экстрактивтик” институттар түшүнүгүн сунуш кылып отурушат. Инклюзивдик саясый институттарда элдин көпчүлүгүнүн кызыкчылыгы эске алынат, ал эми саясый элитаныкы мыйзам аркылуу чектелет. Экстрактивдик институттар үстөмдүк кылса, тескерисинче! Мындай илимий моделдин кайсынысына биздин сүйүктүү Кыргызстан туура келет? Муну биздин эбегейсиз сандагы “экономист-окумуштууларыбыз” жана “гениалдуу чиновник-адисттерибиз” жооп издеп табышып, кеңири айтып бере алышабы?!


Тынчтыкты коргоо. Тилекке каршы, бүгүн жер шарынын кээ бир аймактарында айыгышкан согуштар жүрүүдө. Дүйнө жүзү кыйраткыч катаклизмдин босогосуна такалып калды. Швециялык окумуштуу-инженер, меценат жана улуу инсан Альфред Нобелдин осуяты боюнча тынчтык маселесине абдан зор маани берилип, дүйнө элдерин жакындаштыруу, согуштук армиялардын санын азайтуу, тынчтыкка үндөгөн демилгелерди колдоо максатында “Нобелдик тынчтык сыйлыгы” уюштурулган. Кийинчерээк бул сыйлыкка көрсөтүлгөн баалуулуктар кеңейди. Эми номинанттарга гуманитардык жардам, этникалык конфликттерге же климатикалык коркунучтарга каршы күрөш, адам укуктарын коргоого жана демократияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн делген талаптар дагы коюла баштады. 


Бирок, бул сыйлык саясатка жакын айкалышкандыктанбы, айтор, жыл сайын эле лауреаттардын айлана-тегерегинде айыгышкан талаш пикирлер орун алып келет. Канткен күндө дагы бул сыйлыктын зоболосун көтөрүшкөн чыныгы улуу инсандар болушкан. Мисалы, ядролук сыноолорго каршы күрөшкөн физик жана химик Лайнус Полинг (АКШ, 1962-жыл), расалык теңсиздикке каршы кайраттуу күрөшүүчү Мартин Лютер Кинг (АКШ, 1964), аппартеидге каршы күрөштө жеңүүчү болгон Түштүк Африканын лидери Нельсон Мандела (1993), кыйраткыч суутек термоядролук бомбаны жасап алып, бирок анын колдонушуна чечкиндүү каршылык көрсөткөн гениалдуу физик Андрей Сахаров (1975), элдер менен диний конфессиялардын теңдиги үчүн күрөшүшкөн Тереза апа (Индия, 1979) жана 14-Далай Лама (Индия, 1989). Бул инсандардын аттары адамзат тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калары бышык. Бирок, ушундай эле сыйлыктардын берилишин эл аралык коомчулук күмөн катары кабыл алынган учурлар да жок эмес. Айрыкча Жакынкы Чыгыштагы тынчтык маселеси канча жылдардан бери курч болууда. Ошого карабастан эл аралык конъюнктуралык кызыкчылыктардан соң Нобель сыйлыгын алууга жетишкен адамдар дагы бар го? Мисалы, 1978-жылы Египеттин президенти Анвар Садат менен Израилдин премьер-министри Менахем Бегин Египет менен Израилдин ортосундагы тынчтыкты камсыз кылган аракеттери үчүн сыйланышкан. Бирок, бекем тынчтык ушул күнгө чейин орногон жок да? Алтургай нааразы болгон аскерлердин бир тобу 1981-жылы Анвар Садатты Каирдин чок ортосунда залп менен атып өлтүрүп отурушат. Ушундай эле көрүнүш Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотушканы сыпатталып, Палестинанын лидери Ясир Арафат бир жактан жана Израилдин премьер-министрлери Шимон Перес менен Ицхак Рабин экинчи жактан 1994-жылы Тынчтык Нобель сыйлыгын алышкан. Анан тыянагычы? 1995-жылы еврей улутундагы радикал Ицхак Рабинди “чак түштө” өлтүрө атып салды! Ал эми Израиль менен Палестинанын ортосунда тынчтык өкүм сүрмөк турсун, бүгүнкү күндө 3-дүйнөлүк согуштун себепкерлери болгону жүрүшөт. “Атом жана ядролук куралдарды колдонобуз” дешип эки тарапты жактаган өлкөлөр жинди болгону калышты. Ортодо карапайым эл кырылууда. Газа секторунда эле бир жылда 40 миңге жакын адам набыт кетиптир! Алардын басымдуу көпчүлүгү тынч отурган жарандар, балдар, аялдар жана карылар! Баарынан кызыгы, дүйнө түзүмүнө бүлүк салып койгон саясатчылар дагы “ардактуу нобелиат” болуп алышкан. Мисалы, СССРдин кыйратуучусу – Михаил Горбачев (1990) менен социалисттик лагердин “өлүгүн көмүүчүлөрүнүн” бири поляк президенти Лех Валенса (1983). Экөөнүн “эрдигинин” аркасында эл аралык паритетти аз болсо дагы камсыз кыла алган дүйнө түзүмү эки вектордуу жашоодон кайтып, АКШнын гегемониясын жаратты. Акыры эмнеге ынандык? 1990-жылдан бери жер шарынын баардык точкаларында перманенттик түрдө согуш оттору тутанып келет. НАТО эбегейсиз кеңейип кетип, геосаясый оюндар кескин курчуп, Россия-Украина-НАТО алкагында кырчылдаган согуш уланып келүүдө! Миллиондогон адамдардын өмүрлөрү кыйылды! 


Ошондуктан, Нобель комитети кийинки учурларда сыйлыгын белгилүү инсандарга жалгыздап эле ыйгара берүү ыкмаларынан кайткандай. Мына быйыл, атактуу сыйлык япониялык “Nihon Hidankyo” кыймыл-уюмуна бир добуштан ыйгарылып отурат. Менимче, абдан адилеттүү чечим. Эмне үчүн? Башында жазбадымбы, азыр согушчан өлкөлөрдүн азабынан бүткүл дүйнө ядролук катаклизмдин барымтасына кептелип калды дегендей. Бул эч кимге пайда алып келбей турган эл аралык конфликтке түздөн-түз бир нече термоядролук куралы бар өлкөлөр илешип алышты. Алар АКШ, Россия, НАТОнун мүчөлөрү болушкан, ядролук державалар – Франция менен Англия. Ал эми Жакынкы Чыгышта болсо атом бомбасы бар Израиль менен Иран (буларда дагы ядролук курал бар экендиги айтылып жүрөт) бетме-бет түрдүү конструкциялардагы ракеталар менен атышууга өтүштү. Чыгыш Азияда Түндүк Корея менен Кытайда да ядролук арсенал жетиштүү санда бар. Индия менен Пакистанды айтпай эле коёюн. Алар азырынча тынч отурушат, Кудайга шүгүр! Бирок, “ядролук жин” каалаган учурда бөтөлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн да. Ушундай кырдаалды эске алып, Нобель комитети мындан дээрлик 80 жыл илгери АКШ тарабынан япон шаарлары Хиросима менен Нагасакиге ыргыткан атомдук бомбалардын кыйраткыч тозогуна дуушар болушкан бир нече жүз миңдеген адам өмүрлөрүнүн кыйылган элестерине арнап, эң престиждүү сыйлыгын берип отурат. 


Комитеттин корутундусуна ылайык, Nikon Hidankyo Хиросима менен Нагасакинин бомбалоолоруна туш болгон курмандыктардын бирикмелери катарында “Ядролук куралдарды тыюу салуу жолу менен аларды адамзат эч качан колдонбоосун камсыз кылууга арналган аракеттери” үчүн деп сыйланууда. Бул япон уюмунун мүчөлөрү өздөрү жабыр тарткан тозок экинчи бир да адамдын башына түшпөсүн (!) деген тилек менен “ак эткенден так этип” келишет. Аталган уюм 1956-жылы эле түзүлүп, атом бомбасынын залакасынан майып болуп калган адамдарга (аларды “хибакуся” деп аташат) медициналык жардам көрсөтүп келишет. Мындан сырткары, бул бирикме ядролук куралдарды жасоо жана колдонуу аракеттерине катуу каршылык көрсөтүүдө. Япония термоядролук курал боюнча үч принципти катуу карманат: Ядролук куралга ээ болуу идеясынан баш тартуу, аны өндүрүүгө тыюу салуу жана өз өлкөсүнүн аймагына ядролук куралды киргизбөө. 


Япон элинин ушундай ыйык жана асыл максаттарына тилектеш болгон дүйнөлүк күч барбы? Менин күмөнүм чоң. Анткени, азыркы күндөрү согушуп жатышкан өлкөлөр, тескерисинче, ядролук куралдарын булгалашып, бири-бирин коркутууга өтүп алышты. БУУ уюмунун араңжан аракеттерин тоготпой булкунган мамлекеттер да бар, аттиң! Ошондой болсо дагы адамзат эң жогорку аң-сезимдин ээси катары, акылына келер деген үмүт чоң!


Каныбек Осмоналиев, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, физика-математика илимдеринин доктору, профессор 

19-октябрь, 2024-жыл  

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн