Кулжа 16, 2025
Убакыт: 15:03
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.135

Нурланбек Тургунбек уулу Арменияга расмий сапар менен барды

26.05.2025 09:24
144
Нурланбек Тургунбек уулу Арменияга расмий сапар менен барды


Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Армения расмий сапар менен барды.


Парламенттен билдиришкендей, төраганы Еревандагы Звартноц эл аралык аба майданынан Армениянын Улуттук Жыйынынын Төрагасынын орун басары Акоб Аршакян баштаган жетекчилер тосуп алды.


Эскерте кетсек расмий сапардын алкагында төрага Нурланбек Тургунбек уулу Армениянын Улуттук Жыйынынын Төрагасы Ален Симонян менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, парламенттер аралык кызматташтыкка байланышкан маселелерди талкуулайт. 


Муну менен катар жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар да мерчемделген.


Алсак, Төрага Нурланбек Тургунбек уулу баштаган делегациянын курамында депутаттар Бактыбек Сыдыков, Улугбек Ормонов, Мурадил Сыдыков, Ырысбек Атажанов, Эльмурза Сатыбалдиев, Медербек Саккараев жана Жаныбек Кыдыкбаев бар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн