Бугу 21, 2024
Убакыт: 02:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Олимпиада - 2024. Кыргызстандын балбандары Түркияда өтө турган мелдешке жолдомо алуу үчүн ат салышууда

10.05.2024 12:50
385
Олимпиада - 2024. Кыргызстандын балбандары Түркияда өтө турган мелдешке жолдомо алуу үчүн ат салышууда


Кыргызстандыктар Үзүр Жузупбеков менен Роман Ким Париждеги Олимпиада оюндарына жолдомо үчүн күч сынашат. Бул тууралуу UWW сайтында айтылат.


Алар кечээ Түркияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча лицензиялык турнирде старт алды. Үзүр Жузупбеков (97 килограмм) 1/16 финалдан баштап, Болгариянын спортчусун жеңип, бирок фин спортчусуна утулуп калды. Финляндиялык балбан финалга чыгып, кыргызстандык коло үчүн мелдешке чыгууга мүмкүнчүлүк алды.


Роман Ким (130 килограмм) 1/8 финалда азербайжандык спортчуга утулуп калды. Бирок анын атаандашы финалга чыгып, кыргызстандык коло үчүн күрөшүн улантат.


Анда үчүнчү орунду алган эки спортчу бир лицензия үчүн ат салышат.


Белгилей кетсек, алгачкы үч орунду алган спортчулар жолдомо алышат.


Дагы бир кыргызстандык Азат Салидинов (87 килограммга чейин) күрөштөн чыгып калды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн