Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Олимпиада оюндарына мамлекеттик кызматкерлер эмне үчүн барары айтылды

23.07.2021 14:36
883
Олимпиада оюндарына мамлекеттик кызматкерлер эмне үчүн барары айтылды


"Японияда өткөн Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандап алуу турундагы тажрыйба ар кандай негативдүү жагдай жаралганда биздин спортчулар кызыкчылыгын коргоого муктаж болорун көрсөттү. Дал ушунун айынан улуттук курама команданын таламын талашуу жана координациялоо үчүн президенттик администрациянын жана тиешелүү структуралардын өкүлдөрүн жөнөтүү чечими кабыл алынды. Бир ЖМК жазгандай, дарыгер, массажисттердин ордуна баратышкан жок, спортчулар менен бирге аларды колдоо үчүн барат. Депутаттар делегациянын курамында жок", — деди президенттин администрациясы.



президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев ачылышына барат


билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтерек жабылышына барат


жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Шабданбаев


маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев



"Бардык аткаминерлер япон тараптын чакыруусу менен барат. Каражатты үнөмдөө максатында бир квота эки адамга — Касымалиев менен Байтерекке бөлүнүп берилди. Сапардын уюштуруучусу Улуттук олимпиада комитети", — деп билдиришти президенттик администрациядан.


Оюндардын ачылышы бир нече саатттан кийин башталат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн