Жетинин айы 05, 2025
Убакыт: 09:27
USD
87.30
87.80
EUR
100.10
101.10
RUB
1.075
1.105

Оң рулдуу унаалардын такси кылышына тыюу салынат

15.03.2023 10:36
1028
Оң рулдуу унаалардын такси кылышына тыюу салынат

Министрлер кабинети оң рулдуу унааларды таксиден чыгаруу боюнча сунушун президенттин администрациясына киргизди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 15-марттагы жыйында билдирди.


Анын айтымында, мындай кадам кыйналып турган элдин нааразылыгын күчөтөт.


"Азыр азык-түлүктүн баасы кымбат. Эл өзүнүн оокатын эптеп таап жеп жатат. Анан оң рулдуу унаалардын такси кылышына тыюу салынса үй-бүлөлөр кантип жан багат?

Ушул мыйзамды азыр кабыл албай эле турсак жакшы болот. Нааразылыктардын күчөшүнө себеп болот",- деди депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн