Баш оона 05, 2025
Убакыт: 07:44
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.085
1.110

Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Фондун каржылоо токтотулду

21.04.2021 20:24
1340
Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Фондун каржылоо токтотулду


Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Фондун каржылоо чектелген. Бул тууралуу төрага Тимур Максимовдун катында белгилүү болду.


Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 6-октябрынан баштап жаңы долбоорлорду түз каржылоо токтотулган.


«Бул чектөөнү алып салуу үчүн Фонд Фонддун Башкармалыгына расмий каттарды жөнөттү. Акыркы расмий кат 2021-жылы 10-мартта Россия Федерациясынын президенти В.В. Путинге жөнөтүлгөн, жооп күтүлүүдө», — деп айтылат катта.


Эске салсак, Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду 2014-жылдын 24-ноябрындагы Кыргызстан менен Орусия Өкмөттөрүнүн ортосундагы «Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду жөнүндө» макулдашууга ылайык түзүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн