Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 12:59
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Орусия президенти Владимир Путин КЭДР лидери Ким Чен Ынга автоунаа белек кылды

20.02.2024 15:22
1435
Орусия президенти Владимир Путин КЭДР лидери Ким Чен Ынга автоунаа белек кылды


Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Владимир Путин КЭДР лидери Ким Чен Ынга автоунаа белек кылганын ырастады. Бул Aurus үлгүсүндөгү унаа болгонун РИА Новостиге Кремлдин өкүлү билдирди. Ал мындан башка маалымат берген эмес.


Путин КЭДР лидерине Орусияда чыгарылган автоунаа белек кылганын бир күн мурун Кореянын Борбордук телеграф агенттиги кабарлаган. Анда унаанын маркасы жана модели айтылган эмес.


Ким Чен Ын 2023-жылдын сентябрь айында Орусияга болгон иш сапарында Путин ага кортежинен Aurus үлгүсүндөгү унааларды көрсөткөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн