Бугу 19, 2024
Убакыт: 12:18
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ош мэриясы кооптуу канал, сууларды тосууну сунуштады

30.06.2021 13:25
3031
Ош мэриясы кооптуу канал, сууларды тосууну сунуштады


Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тиешелүү жетекчилер менен жыйын куруп, суу каналдарынын кооптуу бөлүктөрүн тосуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тосуу иштери шаарды аралап аккан “Яккалик” каналынын кооптуу бөлүктөрүн тосуудан башталат. Ушул жылдын май айында Ош шаарынын аймагында жайкы сууга түшүү мезгилинде калктын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча атайын жумушчу топту түзүү боюнча мэрдин буйругу чыккан.

Ушул жылдын башында Южный кичи районунда "Араван — Ак-Буура" суу каналынын кооптуу бөлүгү тосулган. ЮНИСЕФ эл аралык жаш балдарды коргоо уюму тарабынан суу каналынын коркунуч туудурган жерлерин тосуу үчүн 7 500 АКШ долларлык (597 554,5 сом) курулуш материалдары түрүндө берилип, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын атайын долбоорунун негизинде ишке ашкан эле.

Ош шаары аркылуу өтүүчү "Араван - Ак-Буура" суу каналынын кооптуу делген 900 метр бөлүгү толугу менен тосулуп бүттү. Шаардык мэрия каналдардын кооптуу бөлүгүн тосууну улантат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн