Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 19:14
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Ош мэриясы тажрыйбалуу айдоочуларды жумушка чакырат

16.03.2024 10:33
389
Ош мэриясы тажрыйбалуу айдоочуларды жумушка чакырат


Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы тажрыйбалуу айдоочуларды жумушка чакырат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.


Маалымат боюнча, жумушка 60 жашка чейинки, айдоочулук күбөлүгүндө D категориясы бар адамдар алынат. Айдоочулар Ош шаарына алып келине турган жаңы автобустарды айдаганга керек. Алар эки күн иштеп, эки күн эс ала турганы айтылды.


Мэрия жумуш тууралуу толук маалымат алуу үчүн +996 500 040 664+996 553 407 046 жана +996 224 088 585 номерлерине кайрылса болорун билдирди.


Кечээ ошондой эле калаа мэриясынын Өзбекстандан 100 автобус сатып алары маалым болгон. Транспорт алууга каражатты Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду бөлүп бермекчи. Бул автобустар шаарга качан алып келинери азырынча белгисиз.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн