Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ош шаарына жаңы казы дайындалды

06.06.2022 15:12
480
Ош шаарына жаңы казы дайындалды



Ош шаарынын мусулмандарынын казысы болуп Мырзакул кары Осмонов дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев кол койду. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.


Мырзакул Осмонов Ош облусунун Чоң Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылында туулган.


2000-2003-жылдары Бишкек шаарындагы «Умар бин Хаттаб» медресесинен билим алган. 


2011-2015-жылдары Ош облусундагы «Абдужапар» Ислам институтун аяктаган.  


2009-2016-жылдары Ош ТУнун Энергетика факультетин бүтүргөн. 


2013 –жылы шаар казысынын нын жардамчысы


2014–жылы «Роббаний»мечитинин имам хатиби


2016-жылы Ош шаарынын Туран кичи районунда жайгашкан “Умму Мухаммад” медресесинин мүдүрү


2016-2019-жылга чейин Ош шаарындагы Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам-хатиби


2014 –2022 жылдары «Имам аль Бухари Алай» мечитинин имам-хатиби


2022-жылдын февраль айынан бүгүнкү күнгө чейин Ош шаарындагы "Али аль-Байт" мечитинин имам-хатиби болуп эмгектенип келген.


Кыргыз, орус, араб, түрк, урду тилдерин билет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн