Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ош шаарында баңги затын сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

07.03.2024 17:15
385
Ош шаарында баңги затын сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды


Ош шаарында баңги затын сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка тиешеси бар жаран аныкталып, ал мурда оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон 1979-жылы туулган Ош шаарынын тургуну З.А., экендиги белгилүү болгон. Ал баңгизат менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турганы аныкталган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош ОИИБнин Тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине ылайык ыкчам-тергөө иштери жүргүзулгөн, тинтүү жүргүзүүгө соттун санкциясы алынган.

Тинтүү учурунда З.А. аттуу жарандын үйүнөн кара скотч менен оролгон өзгөчө жыты бар баңги заты табылган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган баңги заты «гашиш» (чарс) болгондугу
аныкталды, салмагы 968 граммды түздү.


Кармалган З.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн