Ош шаарынын Учар айылынын жолун кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Т. Сатиев көчөсүнүн негизги унаа жолунун четинде жайгашкан жүздөгөн турак үйлөр, тосмолор жана башка курулуштар бузулуп алынууда.
Жашоочулар жасалып жаткан жумуштарды туура кабыл алуу менен башкы планга ылайык чыгып кеткен жерлерди бошотуп берүүгө жардам берүүдө. Бузулган курулуш таштандылар атайын техникалар менен ташылып, чыгарылып тургундарга көмөк көрсөтүлүүдө.
Жол 22 метрге чейин кеңейтилип, талаптарга ылайык тротуар, ирригациялык тутум, жашыл аймагы менен курулуп жасалат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн