Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн Ж.Шамшиев жана Демократ көчөлөрүндө текшерүү иштерин жүргүздү.
Мэриядан билдиришкендей, рейд учурунда калаа башчысы Демократ көчөсүндөгү жолду кеңейтүү жана капиталдык оңдоо иштери солгун жүрүп жатканын белгилеп, иштин ылдамдыгын тездетип, долбоорду тез арада сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.
Андан соң А.Масалиев көчөсүн карап чыгып, жеке жака өткөн бала бакчаны мамлекеттин менчигине кайтаруу тапшырмасын берди. Мындан тышкары, ал тротуардын курулушун бүткөрүүнү жана жашыл аянтты жашылдандырууну талап кылды.
Ошондой эле Токторбаев Ж. Раимбеков көчөсүн карап чыгып, анын боюнда жайгашкан бир катар соода имараттарынын мыйзамдуулугун текшерүүнү тапшырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн