Бугу 19, 2024
Убакыт: 12:44
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ош шаарынын "Сулайман-Тоо" мечитинде Айт намазы окулду (фото)

13.05.2021 10:46
1923
Ош шаарынын "Сулайман-Тоо" мечитинде Айт намазы окулду (фото)


Бүгүн, 13-майда Ош шаарындагы жалпы жума окулуучу мечиттерде айт намазы санитардык эрежелерди сактоо менен өткөрүлдү.

Муфтияттан кабарлашкандай, элдин көпчүлүк бөлүгү “Сулайман-Тоо” мечитине келип, айт намазын окуду.

"Мечиттин айланасы кенен болгондуктан, келген элдин көпчүлүгү сыртта, таза абада намаз окушту. Ал эми мечиттин ичиндеги жамаат аралыкты сакташты", - деп айтылат маалыматта.

Айт намазга келген элге Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жана Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев баяндама жасашып, элди ынтымакка, биримдикке чакырды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн