Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ОшМУнун "Билим" лицейинин окуу имаратына капсула салынды (фото)

15.07.2021 16:36
2315
ОшМУнун "Билим" лицейинин окуу имаратына капсула салынды (фото)


Жаңыдан курулуп жаткан мектеп-лицей 250 окуучу бир учурда билим алууга ылайыкташкан. Имарат жер төлөсү менен 4 кабаттан турат. Имараттын ичинде ашкана, спорттук аянтчалар, китепкана жайгашат. 3-кабаты окуучулар үчүн жатакана катары пайдаланылат. Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз кызматы билдирди.


"Билим" лицейи 2012-жылы ачылган. Бул жылдар аралыгында жалпы республикалык тестилөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку көрсөткүчтөргө жетишти. Бүтүрүүчүлөр 2 алтын сертификат, 11 артыкчылык аттестатына ээ болушкан.


Имараттын курулуш ишин ушул жылдын декабрь айына чейин бүтөрүү пландалган.


Учурда ОшМУнун алдында 6 мектеп-гимназия бар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн