Бугу 04, 2025
Убакыт: 06:07
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Ошто 11-класстын окуучусу 7 жаштагы кызды зордуктады деген маалымат тарады

14.04.2021 13:35
1621
Ошто 11-класстын окуучусу 7 жаштагы кызды зордуктады деген маалымат тарады

Социалдык тармакта 7 жаштагы кыз 11-класстын окуучусу тарабынан зордукталгандыгы тууралуу маалымат чыкты. Окуя 13-апрелде Кара-Суу районунда болгону айтылат. Кыз зордуктоодон кийин кансырап Оштогу ооруканага түшкөндүгүн жазган.


Бул маалымат боюнча Кара-Суу районунун жана Ош облусунун башка райондорунун аймагында 2021-жылдын 13-апрель күнү расмий арыз катталган эмес деп билдирет Ош облустук милициясы.


"Ошондой болсо да маалымат боюнча Ош шаарындагы бейтапканалар текшерилүүдө",- деди Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн